Бейшеналиев травматология бөлүмүн жана хирург Эрнст Акрамов жетектеген институтту жаптырды

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Клиникалык тез жардам ооруканасынын травматолотия бөлүмү жана хирург Эрнст Акрамов жетектеген травматология бөлүмндагы Калыбына келтирүүчү хирургия илимий институту жабылганын билдирди.

Травматология бөлүмүнүн жабылышы

14-март күнү эртең менен министр Алымкадыр Бейшеналиев Бишкектеги Клиникалык тез жардам ооруканасына барып, травматология бөлүмүн (мурдагы Травматология жана илим-изилдөө борбору) жабуу тууралуу чечим кабыл алганын билдирди.

«Бүгүн 14-мартта травматологиянын жаңы доору башталды. Биз бул жактагы травматология бөлүмүн толук жаптык. Эртең 350 орундуу кылып Логвиненко жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы травматология борборун ачабыз, андай оорукана Бишкекте, Кыргызстанда жок — ал жерде шарттар таптакыр башкача, эрте көрөсүңөр», — деди министр.

Министр травмотология борборуна ыкчам кайрылгысы келгендерди Улуттук госпиталь кабыл алып жатканын кошумчалады.

«Травмотологдордун тагдыры: алар акча топтоп койгон, иштөөнүн деле кереги жок, андан көрө пенсияга [кетишсин]. Алардын бирөөнү 40 мамлекет чакырды деп атышабы, мен аларга кайсыл мамлекетке барарына жардам берем дедим, ал өзү качып кетиптир», — деп билдирди министр.

Акрамов жетектеген институттун жабылышы

Эрнст Акрамов.

Ушул эле күнү Бейшеналиев Чүй облустук ооруканасындагы Калыбына келтирүүчү хирургия илимий институту жабылганын белгилеп, аны жетектеген хирург Эрнст Акрамов кызматтан алынганын билдирди. Ал эми облустук ооруканага жаңы башкы дарыгер дайындаганын кабарлады.

«Акрамовдун институтун жаптым. Болду иштебейт. Ал жерге жаңы башкы дарыгерди дайындадым. Акрамов кайда барат билбейм, өзү иштебесе. Ошол жерде жашайт экен, жашай берсин. “Кууп чыгуунун кереги жок, жашай берсин” дедим. Үйү, тууган-туушкандары жок экен, жашай берсин», — деди Бейшеналиев.

Эрнст Акрамов 85 жашта. Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун бүтүргөн. 1967-жыл кандидаттык, 1990-жылы докторлук дисертациясын жактаган. Медициналык институтта ассистент, доцент, респубикалык клиникалык ооруканада жалпы хирургия бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

Акрамов IV чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты, Кыргыз Республикасынын Баатыры.

Мамакеевдин хирургиялык борбору тууралуу

Мамбет Мамакеев.

Журналисттер министр Бейшеналиевден Мамакеев атындагы улуттук хирургиялык борборун реформалоо туралуу да суроо узатышты.

«Мамакеев — улуу хирург. Ал 30 жыл мурда кызматтан кеткен, азыр иштебейт. […] Учурда борбордо Мамакеевдин бир эле баласы менеджер болуп иштейт. Эгерде ушундай менеджерлер болсо, бардык жерге дайындайт элем», — деп жооп берди министр.

Журналисттер Мамакеев борборунун аймагына мечит курулганын белгилеп, мыйзамдуу эле курулганбы деп кызыгышты.

«Мамакеев борбордун аймагындагы мечитти буздуруп салайын деген. Бирок “жогору жактан” буздурбай эле койгула дешти. Мамакеевдин мечитке эч кандай тиешеси жок», – деди министр.

Буга чейин журналист Ыдырыс Исаков бир катар иликтөөлөрдү жарыялап, борбордун аймагына Мамакеев үй куруп алганын, ал эми уулу Канат Мамакеев борборду жетектеп атканын айткан.

Бейшеналиевдин реформасы

Алымкадыр Бейшеналиев.

Үстүбүздөгү жылдын 4-февралында Алымкадыр Бейшеналиев Травматология жана ортопедия илимий борборунун директору Сабырбек Жумабековду кызматтан бошоткон.

Борбор жоюлуп, ордуна Клиникалык тез жардам ооруканасы иштей баштаган. Андан бери бир нече жолу жетекчиси алмашып, Памир Муратов 14-февралда жетекчинин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Ал эми 26-январда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Маммология борборун жоюу тууралуу буйрукка кол койгон. Документте мындай чечим Саламаттык сактоо министрлигине караштуу илимий мекемелерди оптимизациялоо үчүн кабыл алынганы айтылган. Мындан тышкары, Бейшеналиев «бир борбордо эки борбор болбошу керек» деп айткан.

Өткөн жылдын 14-декабрда Бейшеналиев бейтаптардын азайганына байланыштуу Республикалык психикалык саламаттык борбору менен Республикалык наркология борборун бириктирүү чечимин кабыл алган.

Анткен менен борборлорду 2020-жылы эле бириктирүү аракети болгон, бирок анда бейтаптар менен медиктер каршы чыккан эле.

Тема боюнча:

Министр Бейшеналиев: Кургак учук ооруканасынын ордуна бала бакча ачылат

«Клиникаңды талкалап кетем». Министр Бейшеналиев Исманкуловду коркутту