Президент Балдарды эл аралык коргоо күнү менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров 1-июнь күнү менен куттуктады. Президент балдарга кам көрүү жаатындагы милдеттер, алардын коопсуздугун камсыз кылуу, сапаттуу билим берүү, турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды ар тараптан колдоо бийликтин негизги багыты экенин билдирди.

«Дени сак, акыл-эстүү балдар — бул эртеӊки жаркын келечегибиздин, тарбиялуу коомубуздун, өнүккөн, маданияттуу турмушубуздун кепилдиги», — деп белгиледи Жапаров.

Ошондой эле, президент баланы тарбиялоодо үй-бүлө институтунун орду чоң экенин баса белгиледи.

«Ата-энелерге балдарына туура таалим-тарбия берүүнү эч качан кечиктирбеш керектигин эскертер элем. Ата-бабаларыбыздын калтырып кеткен нарк-насилдери менен балдарыбыздын келечегин эртеӊ эмес, мына бүгүн, азыр алдын ала ойлонуп, алардын адам болуп чыгуусуна татыктуу тарбия беришибиз абзел» — деди ал.

Мындан сырткары, Жапаров бардык ата-энелер, тарбиячылар жана мугалимдер баланы чыдамкайлык, сабырдуулук менен тарбиялоо керектигин белгиледи.

Ал арада, 1-июнда Билим берүү жана илим министрлигинин имаратынын алдында активисттер балдарга карата зомбулукту токтотууну жана Сузак районунда окуучу кызды сабаган мугалимди коргогон билим берүү министрин, милицияны жана депутаттарды сындап митингге чыгышты.

Активисттер «Зомбулук менен келечекти кура албайбыз», «Мектеп балдар үчүн коопсуз болушу керек», «Мектептеги зомбулукту токтоткула», «Балдарга зомбулук, агрессияга жол жок» деген жазууларды көтөрүп турушту.

Жаш балдарга карата зомбулук

Балдарды коргоонун эл аралык күнү 1949-жылдан тартып белгиленет. Кыргызстанда да бул күнү ар кандай майрамдык иш-чаралар уюштурулат.

Анткен менен Кыргызстанда жаш балдардын укугун коргоо маселеси курч бойдон калууда. Расмий маалыматтарга караганда, 2021-жылы өлкөдө жашы жете электерге карата 326 зомбулук учуру катталган. Бул 2020-жылга салыштырмаалуу 1,5%га көп.

Ошондой эле, 2021-жылы үстүбүздөгү жылдын башында ИИМдин басма сөз кызматы Кыргызстандагы сексуалдык зомбулуктан жабыркаган балдардын 80%ы туугандарынан же тааныштарынан жапа чеккендигин билдирген.

ИИМ жаш балдарга карата сексуалдык ыдык көрсөтүү өз үйүндө же конокко барганда болорун белгилейт. Мындан улам ИИМ ата-энелерди балдарын эркек кишилер менен жалгыз калтырбагыла деп кеңеш берет. Ким болбосун, алысырак туугандар болсо деле ушул эрежени балдарга үйрөтүү керек.

Кыргызстандагы Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Жыпариса Рысбекова 2020-жылы өлкөдө балдарга карата зомбулуктун 287 фактысы катталганын айткан. Анын маалыматы боюнча, зомбулуктун 151 учуру кыз балдарга карата жасалган.

«177 бала физикалык зомбулукка кабылган, 71 жеткинчекке карата сексуалдык зомбулук жасалса, алардын 63ү кыздар болгон. Ошондой эле, 36 балага карата психологиялык зомбулук жасалган», — деген Рысбекова.

Ыйгарым укуктуу өкүл күч колдонуунун жалпы санынын 43% учуру 8 жаштан 14 жашка чейинки балдарга карата болгонун белгилеген. Ал эми сексуалдык зомбулук 51%ы 15 жаштан 18 жашка чейинкилерге карата колдонулган.

Тема боюнча:

«Чыда». Үй-бүлөдөгү зомбулук балдардын үмүтүн өчүрүп, тагдырын талкалайт