«Мектептеги зомбулукту токтоткула». Бишкекте балдардын укугун коргоого арналган митинг өттү

1-июнда Бишкекте балдардын укугун коргоого арналган тынчтык митинги өттү. Билим берүү жана илим министрлигинин имаратынын алдына чогулган активисттер Сузак районунда окуучу кызды сабаган мугалимди коргогон билим берүү министрин, милицияны жана депутаттарды сындап чыгышты.

Активисттер «Зомбулук менен келечекти кура албайбыз», «Мектеп балдар үчүн коопсуз болушу керек», «Мектептеги зомбулукту токтоткула», «Балдарга зомбулук, агрессияга жол жок» деген жазууларды көтөрүп турушту.

Митингдин катышуучусу Гүлбарчын Жумабаева президент Садыр Жапаровго кайрылып, Сузакта окуучу кыздын сабалганы боюнча ишти өз көзөмөлүнө алуусун өтүндү.

«Кызды ырайымсыз сабоо менен сабак учурунда шоу уюштурганы көрсөтүлүп жатат. Ал жерде калган балдардын дагы психологиясына доо кетти десек болот. Кыз ооруканада жатса да коопсуздугу камсыз болбой жатат. Ата-энеси дагы кысымга кабылып жатканын маектерден көрүп жатабыз» — деди Жумабаева.

Активисттер мугалимдин окуучуга күч колдонуусу адискөйлүккө жатпасын белгилешти.

«Биз мугалимдерди сыйлайбыз, бирок бул окуя мугалимдин укугун коргой турчу окуя эмес. Себеби, анын билим денгээли, педагогикалык этикасы мугалим деген атка туура келбейт. [...] Педагогикалык билими жок, бир айлык курсту бүтүргөн адамды ким мугалим кылып жумушка алган? Биздин өлкөдө билими жок канча адам балдарыбызга билим берип жатат?» — деп суроо узатты катышуучулардын бири.

*Акыйкатчы Атыр Абдрахматова окуучу кызды сабаган Мээримгүл Эргешбаеванын башталгыч класстын мугалими деген орто профессионалдык билими бар экенин, 2013-жылы компьютердин оператору деген курсту толук бүтүргөнүн билдирген. Ал мугалимдин билим денгээли суроо жаратаарын айткан.

Митингдин катышуучусу Элвира Султанмурат кызы Сузактагы окуя мамлекеттин балдарды коргобой турганын дагы бир жолу тастыктап койду деген пикирде.

«Укук коргоо органдарынан баштасак, Жалал-Абад облустук милициясы окуучуну сындап, каяша айтты деген жүйөө менен мугалимди актап койду. Министр дагы үн катып, тарбияга шылтоолоп, окуучунун сабалганын так кесе айыптаган жок. Эл өкүлдөрү балдарды коргойт деп күтүп жатсак, алар окуучуларга айып салуу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окуудан өткөрүштү. Мунун баары Кыргызстанда балдардын корголбой жатканын тастыктайт», — деди Султанмурат кызы.

*Жогорку Кеңештин үч депутаты Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүүнү, мугалимдерди кемсинткен ата-энелер менен окуучуларга айып пул салууну сунуштаган. Мыйзам долбоору парламенттин Социалдык саясат боюнча комитетте каралып, биринчи окууда жактырылган.

Мугалим-окуучу чыры

Сузактагы №1 Жоомарт Бөкөнбаев атындагы мектепте 7-класстын окуучусу мугалим тарабынан сабалганы 25-майда белгилүү болгон. Фейсбукта мугалим менен окуучу кыз айтышып жатканы, андан соң мектеп окуучусун башка-көзгө уруп жатканы тартылган видео тараган.

Бул окуя интернетке тараган соң коомчулукта ача пикир жаралган. Айрымдар мугалимди жазага тартууну талап кылса, айыпты окуучу кызга оодаргандар да болгон.

Аталган факты боюнча атайын комиссия түзүлүп, Жалал-Абад ОИИБи териштирүүнү баштаган. Окуучу кыз ооруканага жаткырылган.

Кийинчерээк окуя боюнча окуучу кыз, анын апасы жана мугалим комментарий берген. Мугалимдин кызы менен жабыркаган кыз бир класста окуганы маалым болгон.

Окуучу «мугалимдин кызы мага сөгүндү», «ага жооп кайтарганда мугалим мени урушту» деп билдирген. Мугалим окуучусу менен ушундан улам айтыша кеткенин моюндап, «тарбияга чакырдым» деп айткан.

Билим берүү министри Алмаз Бейшеналиев «кандай учур болбосун мугалим окуучуга кол көтөрбөшү керек болчу» деп билдирген. Ал эми акыйкатчы Атыр Абдрахматова окуяга дароо реакция билдирип, мугалим жана мектеп директору жоопко тартылышы керек деп жазган. Кийинчерээк Абдрахматова окуучу кыздын баш мээси чайкалып, мээси жабык жаракат алганын айткан.

Жабырлануучу кыздын апасы алгач мугалимдин үстүнөн арыз жазбаганын, бирок бул аракетине нааразы болгонун белгилеген. Кийинчерээк кыздын апасы милицияга арыз менен кайрылганы белгилүү болгон.

Тема боюнча:

Сузак: Мектепте сабалган окуучу кыз, апасы жана мугалим окуя боюнча үн катышты

Акыйкатчы мугалим тарабынан сабалган окуучунун баш мээси чайкалып, жабык жаракат алганын айтты