«Манас» университетинде FETO тууралуу семинар өтүп, ТИМ иликтөө жүргүзмөй болду

Тышкы иштер министрлиги Кыргыз-түрк «Манас» университетинде «Фетхуллахчы террор уюму. Параллелдүү мамлекеттик түзүм» деген темада семинар өткөн фактысы боюнча кызматтык текшерүү жүргүзөт. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

ТИМден университет «эки тараптуу билим берүү жаатындагы эң ийгиликтүү долбоорлордун бири болгондуктан, кандайдыр бир күчтөрдүн саясий инсинуациясынын куралына айланбашы керек» деп белгилешти.

«Окуу жайдын жетекчилиги эки өлкөнүн элдеринин ынтымагынын духуна таянып, мындай иш-чараларга өзүнүн аянтчасын берип, араздашуунун себилишине салым кошпошу керек эле», — деп билдиришти ведомстводон.

ТИМ кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы кеңири коомчулукка жеткирилерин убада кылды.

FETO деп аталган уюм тууралуу семинар 31-майда «Манас» университетинде өткөн. FETO’ну Түркиянын бийлиги диниятчы Фетхуллах Гүлендин уюму деп атап, террористтик деп эсептешет. Бул 2016-жылы Түркияда жүзөгө ашпай калган мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракети менен байланыштуу. Анда, расмий маалыматтарга ылайык, 250 адам каза таап, дагы эки миңге чукул адам жарадар болгон. Төңкөрүштү уюштуруу аракетине Түркиянын бийлиги дал ошол Фетхуллах Гүленди айыпташкан.

Семинар өткөнү айрым кыргызстандыктарды дагы кыжырдантты. Активист Гүлжигит Исаков 30-майда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине кайрылып, университетке карата чара көрүүнү талап кылган. Ал Кыргызстанда FETO делген террордук уюм жоктугун, ал эми университет билим берүүчүлүк вазийпасынан тайып, Кыргызстанга Түркиянын бийлигинин саясатын таңуулап жатат деп эсептейт.

«Манастагы» семинар

Семинарды Түркиянын ИИМи менен ТИМнин жардамы менен Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги уюштурган. Иш-чарага аталган өлкөнүн ИИМнин өкүлдөрү дагы катышкан.

Семинарда Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган сөз сүйлөп, бул иш-чарага каршы чыккандар тууралуу оюн айткан.

«Кээ бир сабатсыз саткындар бул семинардын өтүп жатканына нааразы болуп, ата-бабаларынын ардактуу атын алып жүргөн университеттин лицензиясын жокко чыгарууну талап кылышты. Мына ушул — "ФЕТО". Адамды алгач энесине, атасына, анан жубайына, досуна, ата-бабасына, акырында элине, мамлекетине душман болууга жеткирет, өткөнүн унутууга мажбурлайт. Бул наадандар маңкуртка айланып, 30 жылдан бери улуу түрк элинин Кыргызстанды колдоп келгенин унутуп коюшту», — деп жазган анын сөздөрүн «Азаттык».

Мындан тышкары, семинарда элчи Түркия Фетхуллах Гүлендин кыймылына тиешеси бар деп эсептеген Кыргызстандагы мекемелер менен уюмдарды санап берген. Алар: «Сапат» билим берүү тармактары, ERA EDUCATION, «Жаш ишкерлер ассоциациясы», «Элим барсыңбы?», «Адеп Башаты», «Ыйык Ата-Журт» фонддору жана «Дил Азык» басылма үйү, Maral FM радиосу. Элчи «Ала-Тоо» университетинин дагы бул уюмга тиешеси бар деп эсептейт.

Аталган билим берүү мекемелердин жана уюмдардын өкүлдөрү Догандын билдирүүсүнө азырынча жооп кайтара элек.

«Азаттык» акыркы убакта элчилик Фетхуллах Гюленге жана «Сапатка» байланыштуу теманы көп көтөрө баштаганын белгилейт. Буга чейин өлкөнүн элчилиги «Сапаттын» бүтүрүүчүлөрүнүн жогорку билими тууралуу дипломдору жана орто билими тууралуу аттестаттары Түркияда таанылбасын билдирген. Ошондой эле бул окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүнүн арыздары Түркиянын бир дагы стипендиялык программаларына (Türkiye Bursları) кабыл алынбасы айтылган.

Саясатчы Марс Сариев «Гюлен кыймылы» тууралуу маселе Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын Кыргызстанга боло турган сапарынын алдында көтөрүлө баштагынын белгиледи.

Кыргызстандагы «Себат» («Сапат») мектептери

Түркия бийлиги Кыргызстанда FETO делген уюм иш алып барат деп көптөн бери эле айтып келет.

Түркияда 2016-жылы мамлекеттик төңкөрүш уюштуру аракети болгондон кийин Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу кыргызстандыктарга «террордук коркунуч» тууралуу эскертүү берген. Анда Чавушоглу коркунуч «Себат» билим берүү мекемелери тараптан чыгып атканын, алардын арасында «Ататүрк-Алатоо» университети дагы бар экенин билдирген.

Түркиянын «Себат» мектептер тармагы Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштейт. Түркиянын бийлиги бул билим берүү мекемелерин диниятчы Фетхуллах Гүлен негиздеген деп келет — Гүлендин уюмдары менен мекемелери Түркияда террористтик деп табылган.

Чавушоглу бийликти Гүлендин окуу жайларын жабууга чакырган, бирок буга кыргыз ТИМи Түркия өлкөнүн ички иштерине кийлигишпеши керек деп жооп берген.

Ал эми Кыргызстандын ошол кездеги президенти Алмазбек Атамбаев мектептер жабылбасын, бирок аларды көзөмөлдөө күчөтүлөрүн айткан. Ал Билим берүү жана илим министрлиги лицейлердин башкы негиздөөчүлөрүнүн бири боло тургандай кылып жаңы уставды иштеп чыгууну тапшырган.

2017-жылы билим берүү мекемелери жергиликтүү уюм катары кайрадан каттоодон өтүп, «Сапат» деп атала баштаган. Учурда Билим берүү министрлиги мекеменин 30% акциясына ээлик кылат.

2021-жылдын май айында «Сапаттын» президенти Орхан Инанды жоголгону белгилүү болгон. Ал бир айдан ашуун Кыргызстанда жана Интерпол аркылуу башка мамлекеттерде дагы изделген.

Бишкектеги Инандыны колдоо митинги.

Бирок 5-июнда Инандыны Түркиянын атайын кызматы уурдап кеткени билинген. Бул жөнүндө Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган түз эфирде билдирген. Ал Инандыны «ФЕТОнун Борбор Азиядагы башчысы» деп атаган.

2021-жылдын 8-июлунда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев FETO тууралуу сүйлөп жатып, Кыргызстанда «башка өлкөлөрдүн саясий уюмдары болбошу керектигин», аталган уюмдун мүчөлөрү Кыргызстанда эч бир мыйзамсыз иштерде байкалбаганын белгилеген.

Түркияда Инанды «Куралдуу террористик уюмду башкарган» деп айыпталып жатат, ал 15 жылдан 22,5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Инанды өзү сотто өзүнө каршы тагылган айыптарга макул эместигин, Кыргызстанда билим берүү ишмердигин гана жүргүзгөнүн айткан.

Тема боюнча окуңуз: Адвокат: Орхан Инанды мурдагы көрсөтмөлөрүнөн баш тартты, себеби ал кыйноо менен алынган

Башкы беттеги сүрөт: «Анадолу» агенттиги.