Адвокат: Орхан Инанды мурдагы көрсөтмөлөрүнөн баш тартты, себеби ал кыйноо менен алынган

«Сапат» лицейлер тармагынын директору Орхан Инандынын жактоочусу Таалайгүл Токтакунова коргоп жаткан адамы тергөө маалында берген көрсөтмөсүнөн баш тартканын билдирди. Түркияда Инанды куралдуу террордук уюмду башкарган деп айыпталып, камакка алынган.

Токтакунованын айтымында, тергөө учурунда Инандыдан көрсөтмө кыйноо аркылуу алынган, бирок ага карабастан күнөөнү мойнуна алган эмес.

«Сотто 37 күн аралыгында кантип кыйнашканын айтып берди. Колун сындырып, өлтүрөбүз деп коркутушукан. Мындан тышкары, аны автоунаанын алдына жаткырышканын айтып берди. Ооруканага эки айдан соң гана алып барышкан. Дарыгерлер колун дарылоого кеч болуп калганын айтышкан. Бүгүнкү күнгө чейин колун көтөрө албай жатат», — деп билдирди Токтокунова «Kaktus Media’га».

Токтакунова эми Инанды сотто жаңы көрсөтмө берерин, айыптоочу тарапты колдоп жаткан күбөлөр да көрсөтмөлөрүнөн баш тартышканын кошумчалады.

Орхан Инанды уурдалгандан 158 күн өткөндөн кийин. Сүрөт: Таалайгүл Токтакунова.

Инандынын иши боюнча акыркы соттук отурум 3-февралда Түркиянын Анкарасында өткөн. Прокуратура аны «Куралдуу террордук уюмду башкарган» деген айып менен 15 жылдан 22,5 жылга чейин эркинен ажыратууну талап кылган.

Бирок Орхан Инанды сотто өзүнө каршы тагылган айыптарга макул эместигин, билим берүү менен гана алек болгонун билдирген.

Инандынын иши боюнча кийинки соттук отурум 14-апрелде болот.

Инандынын уурдалышы

Кыргызстандагы «Сапат» билим берүү мекемелеринин негиздөөчүсү Орхан Инанды 2021-жылдын 31-майында уурдалган. Кыргызстанда ал бир айдан ашык изделип, башка өлкөлөрдөн да Интерпол аркылуу изделген.

Ал арада «Сапаттын» бүтүрүүчүлөрү жана тилектештери Түркиянын элчилигинин алдында митингге чыгышып, Инанды ал жерде кармалып жатат деп шекшип, элчиликти тинтүүнү талап кылышкан.

1 -июнда президент Садыр Жапаров УКМК менен ИИМге Инандыны табуу үчүн кошумча күчтөрдү жумшоону тапшырган. Кийин Жапаров Түркияга барып, президент Режеп Эрдоган менен жолуккан. Түрк бийлиги мурда эле Орхан Инандыны аларга өткөрүп берүүнү жана Кыргызстандагы «Сапат» лицейлерин жабууну талап кылып келген.

Укук коргоо органдары Орхан Инанды изделип жатат деп маалымат берип турган учурда Эрдоган маселеге чекит коюп, Инанды Түркияда экенин билдирген. Тагыраагы, 5-июлда түрк башчысы Инандыны Түркияга өлкөнүн атайын кызматы алып келгенин айткан. Эрдоган Инандыны «ФЕТОнун Борбор Азия боюнча башчысы» деп атаган.

8-июлда УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев ФЕТО тууралуу сөз кылып, Кыргызстанда «башка өлкөлөрдүн саясий уюмдары болбошу керектигин» билдирген, бирок ошол эле маалда Кыргызстанда бул уюмдун мүчөлөрү бир да мыйзамсыз иштерге аралашканы байкалбаганын белгилеген.

ТЕМА БОЮНЧА:158 күн мурда уурдалган Орхан Инанды кыргызстандыктарга салам жолдоду