Ош: Араванда бир жашар наристе каналга түшүп кетип каза болду

Иллюстративдик сүрөт

Ош облусунун Араван районундагы Кесек айылында бир жашар наристе каналга түшүп кетип каза болду. Бул тууралуу «Клоопко» ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, окуя 2-июнда кечки саат 21:00дөр чамасында болгон.

Окуя болгон жерге куткаруучулар барганга чейин, жергиликтүү тургундар наристенин сөөгүн суудан чыгарышкан. Наристенин кандай жагдайда сууга түшүп кеткени тууралуу маалымат жок.

Өткөн жылдын сентябрында Ош облусунун Кара-Суу районунун Садырбай жана Тойчу айылдары аркылуу агып өткөн «Отуз-Адыр» каналына 1,5 жашар наристе агып кеткен.

Милициянын маалыматы боюнча, окуя 26-сентябрда саат 16:35 чамасында орун алган. Өзгөн шаарынын 24 жаштагы тургуну 3 жана 1,5 жаштагы кыздары менен Ош шаарынан кичи автобуста бара жаткан. Тойчу айылына жеткенде унаа бир аз убакытка токтоп, энеси кыздарын каналдын боюнча койгон бойдон ажатканага кирип кеткен.

Ал арада жаш балдар «Отуз-Адыр» каналына түшүп кетишкен. Кыздарын куткарам деп апасы да түшүп, агып бара жатканда, каналдын боюнда жашаган жергиликтүү тургундар көрүп калып, аны жана 3 жашар кызын куткарып калышкан. Алар ооруканага жеткирилген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош: «Отуз-Адыр» каналына агып кеткен 1,5 жашар наристе изделип жатат