Ош: «Отуз-Адыр» каналына агып кеткен 1,5 жашар наристе изделип жатат

Иллюстративдик сүрөт

Ош облусунун Кара-Суу районунун Садырбай жана Тойчу айылдары аркылуу агып өткөн «Отуз-Адыр» каналына агып кеткен 1,5 жашар кыз изделип жатат. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыганан билдиришти.

Милициянын маалыматы боюнча, окуя 26-сентябрда саат 16:35 чамасында орун алган. Өзгөн шаарынын 24 жаштагы тургуну 3 жана 1,5 жаштагы кыздары менен Ош шаарынан кичи автобуста бара жаткан. Тойчу айылына жеткенде унаа бир аз убакытка токтоп кыздарын каналдын боюнча койгон бойдон эне ажатканага кирип кеткен.

Ал арада жаш балдар «Отуз-Адыр» каналына түшүп кетишкен. Кыздарын куткарам деп апасы да түшүп, агып бара жатканда, каналдын боюнда жашаган жергиликтүү тургундар көрүп калып, аны жана 3 жашар кызын куткарып калышкан. Алар ооруканага жеткирилген.

Ал эми 1,5 жаштагы кызды издөө үчүн «Отуз-Адыр» каналындагы суу токтотулду. Учурда жеринде милиция ӨКМдин Кара-Суу районундагы бөлүмүнүн куткаруучулары менен бирге иш алпарып жатат.

Ошондой эле, милициядан куткарылып калгандарга денесинен жараат алгандыгы боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалганын кошумчалашты.

Эки ай мурун Ош облусунун Төлөйкөн айылындагы Ак-Буура дарыясына агып кеткен 15 жашар кызды куткарам деп, анын 38 жаштагы апасы жана 36 жаштагы таежеси каза тапкан. Ал эми кызды облустук туристтик милициянын кызматкерлери куткарып калышкан.

Өспүрүмдү куткаруу үчүн артынан алгач апасы, андан кийин таежеси дарыяга түшкөн. Бирок кыз баллону менен агып кете берген. Ал эми анын апасы менен таежеси сууга чөгүп кетип каза табышкан. Алардын сөөгүн тургундар чыгарышкан, ал эми баллону менен ташка такалып калган кызды милиционерлер суудан алып чыккан.