«Манас айылы» комплекси Президенттин иш башкармалыгынын карамагына өттү

«Бишкек» эркин экономикалык аймагынын(СЭЗ) башкы дирекциясы «Манас айылы» маданий-этнографиялык комплексин Президенттин иш башкармалыгына өткөрүп берди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынын маалымдашты.

Мындай тапшырманы минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров берди.

Минкабдын жарлыгында мындай чечим этнографиялык комплексти реконструкциялоо жана жаңы этно-маданий комплекстерди куруу максатында кабыл алынганы айтылды.

Өкмөт Президенттин иш башкармалыгына «Манас айылын» реконструкциялап, эскилиги жеткен курулуштарды сүрдүрүп, жаңысын куруу тапшырмасын берди.

Финансы министрлигине бул иштерди аткарууга каражат бөлүү маселесин карап чыгуу тапшырылды.

«Манас айылынын» айланасындагы чыр

«Манас айылы» комплексинин башчысы Дөөлөт Сыдыков «Манас айылынын» аймагында президенттин администрациясынын жаңы имараты үчүн парк куруп, этнокомплексти Бишкектин сыртына көчүрүү аракети болуп жатканын жазган.

Сыдыков ошондой эле «Ысык-Көл» мейманканасын сүрдүрүү менен алектенген компаниянын кызматкерлери «Манас айылынын» тосмосун да мыйзамсыз сүрдүрө башташканын, президенттин администрациясы үчүн комплекстин аянтынан 5 гектар жерди алууга аракеттенишкенин билдирген.

Манасчынын мындай билдирүүсүнөн кийин президенттин администрациясынын басма сөз кызматы «Манас айылынан» 5 сотых жер административдик имараттын аймагын теңдөө үчүн алынып жатканын билдиришкен.

Кийинчерээк этнокомплекске президент Садыр Жапаров барып, ал жердин аянты кеңейтилип, музей жана үч кабат боз үй куруларын айткан. Бирок 5-майда, өлкөдөн чыгып кеткенден кийин Сыдыков бийликтин айткандары «калп» экенин, этнокомплекстин аянты эбак кичирип кеткенин билдирген.

Тема боюнча: Дөөлөт Сыдыков: Манастын өз жеринде «Манаска» орун жок калган заманга келип калыптырбыз