«Фельдшерге да чара көрүлөт». Жоокердин сабалышы боюнча алты киши иштен убактылуу четтетилди

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Беловодское айылындагы аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн Бекзат Эсенбековдун катуу сабалышы боюнча алты аскер кызматкери иштен убактылуу четтетилди. Бул тууралуу министрдин орун басары Урматбек Шамырканов 8-июндагы маалымат жыйынында билдирди.

«Кичи, орто жана жогорку тепкичтеги командирлер: баталиондун, группанын, бөлүмдүн командирлери болуп жалпы алты киши иштен четтетилди. Аскердик уставдын негизинде тергөө бүткөндөн кийин дисциплинардык чаралар көрүлөт. Такталып, күнөөлөрү аныкталганга чейин чара көргөнгө болбойт», — деп билдирди ал.

Министрдин орун басары жоокердин сабалганын жашырууга тийиштиги бар бардык жактар өз жазасын алат деп ишендирди.

«Азыр жүрүп аткан тергөө ишинин алкагында баары аныкталат. Ошонун жыйынтыгын күтөлү. Ошондой эле ур-тепкиге кабылган жоокерди текшерүүгө алып, бирок анын жаракаттарын жашырган фельдшерге дагы тиешелүү чара көрүлөт», — деди ал.

Шамырканов акыркы эки жыл аралыгында аскер бөлүктөрүндө 10го чукул окуя катталганын, тиешелүү кызматкерлерге карата дисциплинардык чара көрүлгөнүн кошумчалады.

Жоокердин сабалышы боюнча маселе 8-июнда Жогорку Кеңеште да каралды. Депутат Эмил Токтошев ата-энелер балдарын мекенди когоо үчүн жөнөтүп жатканын белгилеп, бирок ал жерде жоокерлер токмокко алынганына нааразы болду.

«Ата-энелер барып мекенди коргойбу же майып болуп келеби деп арызданып кайрылып жатат. Өткөндө эле айттым эле, сиз протоколдук тапшырма берем дегенсиз. Парламент өз көзөмөлүнө алыш керек. Эмне деген армия? Биз балдарды мекенди коргоого үйрөтөбүзбү же ур-токмокко алабызбы?» — деди ал.

Ал эми эл өкүлү Камила Талиева кесиптешинин пикирин колдоп, жоокердин сабалышы боюнча ишти парламент дагы өз көзөмөлүнө алышы керек деп билдирди.

«Түнү менен сабашкан»

7-июлда социалдык тармактарда ӨКМдин жоокери Бекзат Эсенбековдун туугандары аскер бөлүгүндө сабалып, ооруканада жатканын жазып чыгышкан. Алар укук коргоо органдарына, бийлик өкүлдөрүнө кайрылуу жолдоп, Эсенбековду аскер бөлүгүнүн прапорщиги Төрөбай Жаныбек уулу 31-майдан 1-июнга караган түнү «катуу сабаганын» бегилешкен.

«Биз инибиз менен дайыма байланышып турчубуз, ал бардык туугандарыбыздан единица салып койгулачы деп суранчу, 8 айда эле 35 миң салганбыз. Ал акчаларды Төрөбай Жаныбек уулу мобилдик тиркеме аркылуу чыгарып алчу экен. Акыркы жолу 500 сом үчүн сабаптыр. Түн ичи болгондуктан инибиз туугандарынын тынчын алгысы келбей ур-токмокко чыдап бериптир», — деп жазышкан алар.

Андан сырткары Эсенбековдун жакындары аскер бөлүгүнүн прапорщиктери жана капитандары ага ооруканага барганда жанында болуп, эмне деп айтууну айтып турушкан дешкен.

Ошол эле күнү Башкы прокуратура маалымат таратып, 4-июнда ӨКМдин ыкчам кызматында мөөнөттүк негизде кызмат өтөп жаткан жоокер табарсыгы жарылып, №4 Бишкек шаардык ооруканага түшкөнүн тастыкташкан.

Бул боюнча Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов дагы маалымат берип, Эсенбековдун сабалганына байланыштуу аскер бөлүгүнүн тиешелүү аскер жетекчилеринин баары кызматынан убактылуу четтетилгенин айткан.

Ал эми Беловодское айылындагы №86123 аскер бөлүгүнүн командири Рысбек Жолдошбаев бардык маалыматтар Аскер прокуратурасына жөнөтүлүп, териштирүү жүрүп жатканын маалымдаган. Ал эми министрдин орун басары жоокердин сабалышына күнөөлүү тараптар жазасын алат деп ишендирген.

Ал эми 7-июнда жабыркаган жоокердин атасы уулунун сабалышы боюнча прокуратурага арыз жазган. Аскер прокуратурасы «Бийликтен аша чабуу» беренеси менен иш козгоп, шектүү катары ӨКМдин прапорщиги Төрөбай Жаныбек уулун кармаган.

Тема боюнча:

«Түнү менен сабаптыр». ӨКМдин жоокерин табарсыгы жарылганча сабоого шектелип прапорщик кармалды