«Түнү менен сабаптыр». ӨКМдин жоокерин табарсыгы жарылганча сабоого шектелип прапорщик кармалды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жоокери Бекзат Эсенбековду катуу сабоого шектелип №86123 аскер бөлүгүнүн прапорщиги Төрөбай Жаныбек уулу кармалды. Бул тууралуу 7-июнда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 4-июнда ӨКМдин ыкчам кызматында мөөнөттүк негизде кызмат өтөп жаткан жоокер табарсыгы жарылып, №4 Бишкек шаардык оорукансына түшкөн. Ал жакындарына прапорщик сабаганын айтып берген.

Аскердин туугандары эмне дейт?

20 жаштагы Бекзат Эсенбеков 2021-жылы аскерге чакырылган. Жоокердин жакындары 7-июлда социалдык тармак аркылуу укук коргоо органдарына, бийлик өкүлдөрүнө кайрылуу жолдогон. Алар аскер бөлүгүнүн прапорщиги Төрөбай Жаныбек уулу Эсенбековду 31-майдан 1-июнга караган түнү «катуу сабаганын» айтып чыгышкан.

«Биз инибиз менен дайыма байланышып турчубуз, ал бардык туугандарыбыздан единица салып койгулачы деп суранчу, 8 айда эле 35 миң салганбыз. Ал акчаларды Төрөбай Жаныбек уулу мобилдик тиркеме аркылуу чыгарып алчу экен. Акыркы жолу 500 сом үчүн сабаптыр. Түн ичи болгондуктан инибиз туугандарынын тынчын алгысы келбей ур-токмокко чыдап бериптир», — деп жазышкан алар.

Жабыркаган жоокер. Сүрөт: black_list.kg Интаграм барагынан алынды

Андан сырткары Эсенбековдун жакындары аскер бөлүгүнүн прапорщиктери жана капитандары ага ооруканага барганда жанында болуп, эмне деп айтууну айтып турушкан дешти.

«Биз келгенде байкем ооруга чыдабай кыйкырып жатыптыр. Врачтар табарсыгы жарылганын көрүп дароо операцияга алып кирип кетишти. Операция 3,5 саатка созулду. Операция маалында анын органдары заара менен канга толгон экен. Кабыргасы, бөйрөгү жана өпкөсү да жабыркаптыр», — деп түшүндүрүштү аскердин жакындары.

Ошондой эле жоокердин туугандары анын ооруканада жаткан сүрөтүн жарыялап, Ички иштер министри Улан Ниязовго, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып «биздин балабыз, инибиз — силердин келечектеги кадрыңар» деп белгилешкен.

8-июнда жоокердин апасы ӨКМ уюштурган маалымат жыйында уулу 1-майдан 26-майга чейин өргүүдө болгонун айткан. Ал баласы аскер бөлүгүндө акчанын айынан сабалганын тастыктады.

«26-майдан баштап сабалып баштаптыр. 31-майда Жаныбек уулу Төрөбай деген балама “10 мүнөт ичинде 500 единица салып кой” дептир. Мага чалып, ден соолугумду сурады дагы, единица салдыра албай койгон экен. Анан эле “апа бирөө келе жатат” деп телефонду өчүрдү. Кайра мен чалсам алган жок [...] Түнү менен сабап, бирөө көрүп калды деп айттым го, ошондо андан чоңу [прапорщикке] “сенин балдарың телефон кармап калганбы, жазалап койбойсуңбу” деген экен. Түнкү 12ден эртең мененки 9га чейин баламды сабаптыр. Отуруп уктап кетсем, отурган жеримден сабады дейт, жерге жаткызып алып сабады дейт», — деп окуяны айтып берген жоокердин апасы.

ӨКМ эмне дейт?

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов Бекзат Эсенбековдун сабалганына байланыштуу аскер бөлүгүнүн тиешелүү аскер жетекчилеринин баары кызматынан убактылуу четтетилгенин белгиледи.

«Биздин министрликте дагы кызматтык иликтөө жүргүздүк. Бул боюнча 3-майда аскер бөлүктүн командири жоокер пневмония болуп ооруканага жатып калды деп айткан. Бири күнү фельдшерлер бутунда шишик бар экени аныкталган. Учурда баланын абалы туруктуу оор бойдон калууда. Учурда дарыланып жатат. Бардык керектүү дары-дармек, каражаттарды берип жатабыз», — деди Шамырканов.

Беловодское айылындагы №86123 аскер бөлүгүнүн командири Рысбек Жолдошбаев бардык маалыматтар Аскер прокуратурасына жөнөтүлүп, териштирүү жүрүп жатканын маалымдады. Ал эми министрдин орун басары жоокердин сабалышына күнөөлүү тараптар жазасын алат деп ишендирди.

Ал эми 7-июнда жабыркаган жоокердин атасы прокуратурага кайрылып, 1-июнда уулу Бекзат Эсенбековду прапорщик сабаганын айтып арыз жазган. Бул боюнча Аскер прокуратурасы «Бийликтен аша чабуу» беренеси менен иш козгоп, шектүү катары ӨКМдин прапорщиги Төрөбай Жаныбек уулун кармаган.

Тема боюнча:

«Азаттык»: Аскердеги ур-токмоктун запкысы