Бекешев: Данияр Үсөновго байланышы бар компанияга берилип кеткен 20 га жерди кайтаруу керек

Депутат Дастан Бекешев парламенттин 9-июндагы жыйынында бозгун премьер-министр Данияр Үсөновго байланышы бар компанияга 2000-жылдардын башында Бишкектин түштүгүндө 20 гектар жер бекер берилгенин айтып чыкты. Анын айтымында, жерге дагы деле ошол компания ээлик кылып келет.

Учурда экс-премьер Усенов Беларуста жашайт, ал жакта Даниил Урицкий катары белгилүү. Ал БНБК деген агрокорпорацияны жетектейт. Кыргызстанда ал сыртынан 15 жылга кесилген.

Депутаттын билдирүүсү

Бекешевдин айтымында, аталган 20 гектар жер Чыңгыз Айтматов жана Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинен алыс эмес жерде жайгашкан.

Дастан Бекешев. Сүрөт: парламенттин сайты

«Бул 20 гектар жер негизи мамлекеттики болчу. 2000-жылдардын башталышында бул жер Чүй токой чарбасына карачу. Кийин 49 жылга ижарага берилип, бирок ошол боюнча бүткөн жок. 2005-жылы айыл өкмөт ошол 20 гектар жерди жеке компанияга бекер эле берип койду. Жеке компаниянын аталышы “Прайм строй”. Ошол учурда Данияр Үсөновго тийиштүү болчу. Канча жолу УКМК, Башкы прокуратура, бул жерде парламентте депутаттар ошол маселени көтөрүшкөн. Бирок чындыгында бул жер ушундай эле калып калды да. Жеке менчик компания жөн эле алып салды, бир тыйынды төлөгөн жок. Данияр Үсөнов ошол жерди, 20 гектар жерди алып алды», — деп билдирди депутат.

Бекешев «Прайм стройго» жер берүү боюнча айыл өкмөттүн буйругун жокко чыгаруу керек деп эсептейт.

«2021-жылдын март айында Башкы прокуратура ошол ишти казып баштап сотко берген. Бирок сотто кайра өзү[Башкы прокуратура] колдобой баш тартты. Ошентип соттун чечимине эч ким даттанган жок […] Ошол жерди кайтаруу боюнча президент Башкы прокуратурага катуу тапшырма берип, көзөмөлгө алсын. Азыр Бишкекте бош жерлер дээрлик жок. Мына 20 гектарды [бош жерди] тапса болот», — деп белгиледи ал.

«Прайм строй» компаниясы жана анын Үсөнов жана Бакиевдер менен байланышы

«Прайм строй» курулуш компаниясы Данияр Үсөновго тиешелүү экени жана ага 20 гектар жер берилгени буга чейин да айтылып келген. Мисалы, 2015-жылы «Вечерний Бишкек» басылмасы жерди ижарага алып иштеткен Акылбек Иманкулов аттуу жаранга таянып макала жарыялаган.

Ал 2000-жылдын март айында Фрунзе токой чарбасынан 49 жылга 11 гектар жер ижарага алганын айтып берген. Бирок, анын айтканына караганда, ижарага алынган жерди Данияр Үсөнов рейдерлик жол менен тартып алган. Бул Таш-Дөбө айыл өкмөт башчысы Жолдош Турусбекодун жасалма токтому аркылуу ишке ашкан. Жасалма токтомго ылайык, «Прайм строй» ЖЧКсына 20 гектар жер бөлүнгөн. Ал жерге Иманкуловдун дагы 11 гектар жери кирип калган. «Вечерний Бишкек» басылмасы Иманкулов менен түзүлгөн келишим бир тараптуу, ага кабар берилбестен токтотулганын жазган. Андан кийин Иманкулов сотко кайрылып, бирок утулуп калган.

«Прайм строй» ЖЧКсын компанияга Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаты Динара Исаева ээлик кылгандыктан улам Данияр Үсөнов менен байланыштырышкан. Исаева болсо Данияр Үсөновдун мурдагы аялы. Анын жардамчысы 2015-жылы «Вечерний Бишкек» басылмасына Исаева компанияга ээлик кыларын ырастаган, бирок депутат өзү аны четке каккан.

Данияр Үсөнов жана Динара Исаева.

Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, учурда «Прайм стройдун» директору Азис Мырзаев. Жалгыз негиздөөчүсү — Салина Чолпонбаева.

Мырзаев көзкарандысыз журналист Элнура Алканованын «Идеал хаус» коттедж комплексинин сатылышы боюнча иликтөөсүндө аты аталган. «Идеал хаус» коттеж комплекси Бишкектеги «Ала-Арча» резиденциясынан алыс эмес жерде жайгашкан. Аны 2008-жылы кура башташкан. Башында комплекс бозгун президент Курманбек Бакиев жана анын айланасындагылар үчүн курулган. 2010-жылдагы ыңкылаптан кийин коттеж шаарчаны улутташтырышып, андан соң сатыкка чыгарылган.

VIP коттеждер тууралуу иликтөө

2017-жылы «Идеал Хаусту» аукцион аркылуу «ВостокТехКомплект» компаниясы 142 млн сомго (2млн долларга) сатып алган. Бул сумма өтө эле төмөн болуп калганы айтылган. Ал эми ошол кездеги депутат Алмамбет Шыкмаматов бул келишим мамлекетке 10 млн доллардан кем эмес зыян келтиргенин билдирген.

Алканова «ВостокТехКомплекттин» үч негиздөөчүсүнүн бири Азис Мырзаев экенин аныктаган. Ал «Идеал Хаусту» сатып алганга чейин компаниядан чыгып, үлүшүн Айбек Сатиев аттуу башка негиздөөчүсүнө өткөрүп берген.

Журналисттин маалыматына ылайык, Сатиев ал убакта «БТА Банктын» директорлор кеңешин башкарып турган Темир Рыскуловдун тууганы болот. Депутат Динара Исаеванын уулу Айбек Мырзаев банктын директорлор кеңешинин мүчөсү, ал эми депутат өзү банктын акционери болгон. 2019-жылы «БТА Банктын» акцияларын «Бакай Банк» сатып алып, банк ишмердүүлүгүн токтоткон.

Алканова иликтөөсүндө Рыскуловду премьер-министр Сапар Исаков менен байланыштырган. Иликтөөгө ылайык, Исаков менен Рыскулов бирге окушкан.

Өкмөт өз кезегинде журналисттин жүйөөлөрүне жокко чыгарып, андан жана материал жаряланган «Фергана» басылмасынан коомчулуктун алдында кечирим суроону талап кылган.

Башкы прокуратура дагы премьер-министрдин «Идеал Хаусту» сатып алуу-сатуу келишимине байланышы жоктугун билдирген — башкы көзөмөл органынын маалыматы боюнча, Рыскулов менен Исаков чогуу окушкан эмес.

Ал эми Алканова менен «Фергана» басылмасы жарыяланган материал үчүн кечирим суроодон баш тартып, материалда Сапар Исаковдун келишимге түздөн-түз катыштыгы бар деген так билдирүү айтылбаганын билдиришкен.

Ошол учурда Алкановага карата кылмыш иштери козголуп, маалыматтарды мыйзамсыз алууга» жана «банктык жашыруун сырды таратууга» айыпталган. 2018-жылы бул иштер кыскартылган.

Мындан тышкары,Башкы прокуратура жагдайды териштирүү үчүн «Мамлекеттик көзөмөлдөө органынын кызмат адамдары тарабынан мыйзамсыз текшерүү жүргүзүү» жана «Менчиктештирүүнү жүзөгө ашырууда кызмат абалын мыйзамсыз пайдалануу» беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

2018-жылдын апрель айынын башында ИИМдин тергөө кызматы Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондусунун (ММБФ) мурдагы башчысы Болсунбек Казаковду «Идеал Хаус» хансарайлар шаарчасындагы котеждерди «арзан» баада сатууга шек санап кармаган.

ИИМдин басма сөз кызматы журналисттик иликтөөгө таянуу менен коттеждер баштапкы аныкталган 242 млн сомдун ордуна 142 млн сомго сатылган деп билдирген. Ал эми Казаков өзү журналисттик иликтөөдөн кийин коттеждердин баасы сатып алуучулар жоктугунан улам арзандатылганын айткан.

2020-жылы Болсунбек Казаков «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу», «Менчиктештирүүнү жүзөгө ашырууда кызмат абалын мыйзамсыз пайдалануу» жана «Коррупция» беренелери боюнча күнөөсүз деп табылган. Ошол эле учурда ал «Шалаакылык» беренеси боюнча айыпталып, 240 миң сом айыпка жыгылган.