Данияр Үсөнөв Белоруста дагы бир завод ачат. Корпорацияда кандай мандем бар?

The Бульба беларус телеграм-каналынын журналисттери 8-ноябрда Беларус улуттук биотехнологиялык корпорациясынын (БУБК) дагы бир заводу ачыларын кабарлашты. Корпорацияны Даниил Урицкий деп таанылган Кыргызстандын качкын премьер-министри Данияр Үсөнов башкарат. Иш-чарага Беларус президенти Александр Лукашенко катышат.

Даниил Урицкий БУБКнын ачылышында. Сүрөт: Tut.by 

Үсөнов-Урицкий 2010-жылы апрель революциясынан кийин өлкө башчысы Курманбек Бакиев менен бирге Кыргызстандан чыга качкан. Экөө тең Беларуста орун-очок алышкан.

Урицкийдин корпорациясында кандай мандем бар?

The Бульба оппозициялык телеграм-каналы «Кошт Урада» долбоорунун иликтөөсүнө таянып Урицкийдин корпорациясы аркылуу мамлекеттик бюджеттен акча чыгарылып кетип жатканын жазды.

«Кошт Урада» 2019-жылы БУБК’нын финансы тармагын иликтеп, киршеси менен чыгашалары дал келбей турганын аныктаган.

«Расмий бул Лукашенконун жарлыгы менен 2016-жылы түптөлгөн жогорку технологиялык агро өнөр жай өндүрүшүн уюштуруу боюнча Беларус менен Кытайдын биргелешкен, ири масштабдагы долбоору. Долбоордун жалпы баасы 733 млн долларды түзөт», — деп белгилеген журналисттер.

Александр Лукашенко жана Данияр Үсөнов 2020-жылдын августунда. Сүрөт: Беларус президентинин расмий интернет-порталы 

Бирок The Бульбанын маалыматы боюнча, Белорус биотехнологиялык корпорациясы беш жыл аралыгында толук кубаттуулукта ишке киришкен эмес, ал тургай заводдордун көп бөлүгү курула элек.

Андан тышкары, корпорациянын репутациясы дагы күмөндүү экени айтылган. «Кошт Ураданын» иликтөөсүнө ылайык, белорус өкмөтүнө акциянын 25%ы тиешелүү. Калганы чет элдик, анын ичинде шотландиялык эки компанияга тиешелүү —LP жана Altastar LP. Алар жалпы 22,5% акцияга ээлик кылышат.

Ошол эле учурда, шотландиялык офшорлордун менчик ээси катары Кыргызстандын бозгун президенти Курманбек Бакиевдин иниси Асылбек Салиев көрсөтүлгөн.

Эске салсак, Бакиев жана анын үй-бүлөсү 2010-жылдагы революциядан кийин Белорустан саясий баш паанек алган. Ошондо аны менен чогуу Белоруска Данияр Үсөнөв дагы качкан. Үсөнов кийин аты-жөнүн алмаштырып, жеке ишкер болуп кеткен. Кыргызстан аларды экстрадациялоону сураган,Александр Лукашенко башкарган Белорус бийлиги өтүнүчтү жоопсуз калтырган.

Ошондой эле иликтөөдө БУБК Беларус мамлекети тарабынан ар кандай артыкчылыктарга ээ болгону белгиленген. Мисалы жеке компаниянын насыясын Беларустун каржы министрлиги төлөгөн.

Мындан тышкары, корпорацияда 30 гана кызматкер катталганы шек жараткан.

«Эгерде кароолчу, айдоочу, тазалоочу жана башка орто билимдүү кызматкерлерди эсепке албаганда, анда ишканада жаш балдар жана кары-картаңдар иштейт.

Булардын баарынан төмөндөгүдөй жыйынтык чыгарсак болот: БУБК — Лукашенконун демилгеси менен түзүлүп, мамлекеттик бюджеттен акча чыгарууну көздөгөн кезектеги ишкана» , — деп билдиришти The Бульба.

Үсөнов-Урицкий деген ким?

Үсөнов Курманбек Бакиевдин башкаруусу учурунда 2009-2010-жылдары Кыргызстандын премьер-министрлик кызматын аркалаган.

Данияр Үсөнов 2010-жылы 

2010-жылдагы апрель революциясынан кийин Үсөнов качып кеткен, ал эми кийинчерээк ал 80 адам набыт болгон төңкөрүш күнү каршылыкка чыккандарды массалык атуу иши үчүн Кыргызстанда сырттан өмүр бою эркинен ажыратылган.

Андан сырткары, Үсөнов Бишкек мэри болуп турган кезде ыйгарым укуктарынан аша чапкандыгы боюнча айыпталууда — бул үчүн ал 15 жыл абакка кесилип, мүлкүн конфискациялоо өкүмү чыккан.

2018-жылы БУБКтун ачылышында Даниил Урицкийдин сүрөтү жарыяланган.

Анда Кыргызстанда бул маалымат кызуу талкуу жараткан, анткени Урицкий Үсөновго куюп койгондой окшош болгон.

Урицкий-Үсөнов өзү чыныгы Данияр Үсөнов 2013-жылы Малайзияда каза болгонун naviny.by басылмасына айткан. Урицкий-Үсөновдун ушул сөздөрүн тастыктоого азырынча мүмкүн боло элек.