Мамлекет, эл үчүн иштеп берсе болду — Жапаров бийликтеги «эски кадрлар» тууралуу

Президент Садыр Жапаров «Би-би-сиге» курган маегинде өзүнүн кадрдык саясатына байланыштуу сындарга жооп берди.

Журналист өлкө башчысынан коомчулук «айлана-чөйрөңүздү тазалаңыз, жаштарды кызматка алып келиңиз» деген талаптарды коюп жатканын, «тазалаңыз» дегенде кимдер тууралуу сөз болуп жатканын сурады.

«Мен “мейли кимдин убагында иштебесин, мурда кандай кемчиликтери болбосун, ага көз жумабыз, эң негизгиси мындан ары мамлекет үчүн, эл үчүн иштеп берсе болду” деп башынан эле айтып келе жатпаймынбы. Анткени бизде кадрдык таңкыстык бар. Ошол үчүн Акаевден баштап Жээнбековго чейин иштеген бирин-экин күчтүү кадрлар бар. Менимче ошолорду айтып жатса керек», — деп жооп берди президент.

Жапаров бүгүнкү күндө бийлик ар бир министр, губернатор, аким жана администрацияда иштеген кызматкерлер кандай иштеп жатканына көз салып, потенциалы бар кадрларды кетирбей алып калып жатканын дагы кошумчалады.

«Аларды кетирип, ордуна тилинен чаң чыккан жаштарды дагы коюп көрбөдүкпү. Тилекке каршы, тилинен чаң чыккан менен өкмөттүк ишти тартып кете алышпайт экен», — деп белгиледи ал.

Президент өкмөттө жалаң эле эски кадрлар иштеп жатат деген ойго да кошулбайт. Анын айтымында, өкмөттүн курамында жарымынан көбү жаштар.

«Эми так фактылар менен карап көрөлү. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров карып калды дегенден алысмын. Күчкө, тажырыйбага толуп, иштей турган мезгили. Орун басарлары деле жаш эле. Бакыт Төрөбаев, Эдил Байсалов, юстиция министри Аяз Баетов 37 жашта, маданият министри Азамат Жаманкулов 35 жашта, санариптик өнүгүү министри Талант Иманов 36да, экономика жана коммерция министри Данияр Иманалиев 39 жашта, “Кыргыз темир жолу” ишканасынын жетекчиси Азамат Сакиев 32де», — деп тизмектеди өлкө башчысы.

Президент тажрыйба жылдар бою келерин да унутпоого чакырды.

«Андыктан, бул маселеде учурда кандайдыр бир көйгөйлөр бар дегенден алысмын. Албетте бир аз кемчиликтер бар. Жипке тизгендей дегенден алысмын. Бирок көч бара-бара түзөлөт. Түздөйбүз», — деп убадалады президент.

Президент Садыр Жапаров 2020-жылдагы октябрь окуяларынын шартында бийликке келген, натыйжада Сооронбай Жээнбеков президенттиктен кеткен. Ал учурда митингчилер люстрацияны дагы талап кылышкан.

Бирок, эски саясатчылардын өлкөнү башкаруу ишине катышуусуна тыюу салуу үчүн өзүнчө мыйзам кабыл алыш керек болчу, бирок андай болгон эмес. Бул 2021-жылы январдагы президенттик шайлоодо жеңип, Конституцияны өзгөртүп, аткаруу бийлигинин башчысы болуп шайланган Садыр Жапаровдун кадрдык саясатына айрым сындарды күчөткөн.

Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылдын апрель айында дагы «эски кадрларды» кызматка коюу сындарына жооп берген.

«Мен бир жылдан бери, ошол келгенден баштап эле бардык күчтүү кадрларды топтогонго аракет кылып жатам. Карт-бланш берип атам, эски кадрларды дагы алып келип коюп атам. Анан социалдык түйүндөрдө, мындай түздөн-түз мага кайрылгандар да болуп жатат. Эскилерди жыйнап алдыңыз, анан жаныңызда баланчалар жүрөт, тазалаңыз, жоготуңуз деген. Күчтүү кадрлар болбосо, бүгүнкүдөй жыйынтыктар болмок эмес. Эми бул күчтүү кадрлардын бүгүнкү эмгеги, бүгүнкү жетишкендик ошолордун эмгеги десек болот да. Анан эми, ал мурун кандай кадр болгон, эмне иштерге барган, кандай, ал бизди мындан ары кызыктырбаш керек да. Мындан ары карт-бланш берип атам, айрымдарына айттым: мен канча срок отурмсам, канча жыл отурсам, сен да ошончолук отурасың. Бирок уурдамай жок, жемей жок, мамлекет үчүн, эл үчүн гана иштеп берсең, мен канча отурсам, сен да ошончо отурасың деп мына, карт-бланш бергендерим бар. Бирок жакшы иштеп атат. Аларды көзөмөлгө алабыз, ага кудуретибиз жетет», — деген президент.