Президент Садыр Жапаров июнь окуясынын 12 жылдыгына карата кайрылуу жасады. Бийлик 2010-жылдагы өлкөнүн түштүгүнөгү этникалык өзбектер менен кыргыздардын ортосундагы 400дөн ашык адамдын өмүрүн алган кагылышты ушинтип атап жүрөт.
Жапаровдун пикиринде, ал убакта «тышкы күчтөр, ички сепаратисттер элди бөлүп-жаруу аракеттерин жасашкан» жана өз кызыкчылыгы ойлоп «коомго улуттар аралык кастык мамилени козуткан жалган маалыматтарды таратып, ынтымагыбызга доо кетирип, коюн-колтук алышып жашаган эки элди бөлүп-жарган». Президенттин айтымында, бул каргашалуу күндөр «бир чөлкөмдө жашаган бардык этнос өкүлдөрүнө ынтымак баарынан бийик турарын дагы бир ирет далидеген».
«Каргашалуу апаат көп нерсеге көзүбүздү ачып, өлкөнүн биримдигине байланыштуу ар бир аракетибизге аяр мамиле кылуу керектигин таамай тастыктап берди. “Мен – кыргызстандыкмын!” деп сыймыктанган ар бир жаранга өлкө үчүн жооптуу экендигин сездирди», — деди ал кайсы гана улуттун өкүлдөрү болбосун ар бир адам бардык улуттардын маданиятына, үрп-адат, каада-салтына аяр мамиле жасашы керектигин белгилеп.
Жапаров «өлкө жетекчилигинин көңүл чордонунда ар дайым улуттар арасындагы биримдикти жана этностордун ортосундагы ынтымакты коргоо маселеси турушу кажет, өлкөдө улуттук саясатты жүзөгө ашырууда кылдаттык абдан зарыл» экенин кошумчалады.
«Мындан ары кагылыштарды болтурбоо үчүн этносторду бириктирген жалпы идеология, жаштарды толеранттуулукка тарбиялоого багыт болушу керек», — деп белгиледи ал.
2010-жылдагы улуттар аралык кагылышуу
2010-жылдын 10-июнунан тартып 14-июнга чейин Ош жана Жалал-Абад шаарларында этникалык өзбектер менен кыргыздардын ортосунда жаңжал чыккан — ал күндөрү Ош менен Жалал-Абаддын көчөлөрүндө коменданттык саат жана өзгөчө абал жарыяланган. Миңдеген имараттар өрттөлүп, аскер кызматкерлери менен милициянын курал-жарагы жана атайын техникасы басылып алынган.
Расмий маалымат боюнча кагылышууда 426 адам каза тапкан, миңден ашуун адам жарадар болгон.
Июнь коогалаңын иликтеген Ким Кильюнендин эл аралык комиссиясынын маалыматына караганда, каза болгондордун саны 470 адамга жеткен. Алардын ичинен 74%ы өзбектер, 25% кыргыздар, ал эми бир пайызды башка этникалык топтун өкүлдөрү түзгөн. Көз жумгандардын 67%га жакыны октон жаракат алган.
Ал эми Кыргызстандын өкмөтү комиссиянын тыянактарын «бейтарап жана бир жактуу» деп атап, ал эми парламент депутаттары комиссиянын башчысы Киммо Кильюненди «персона нон-грата» деп таанып, ага өлкөгө кирүүгө тыюу салган.
Июнь окуясы боюнча иштер
2021-жылдын 15-апрелинде УКМК президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен 2010-жылы июнь айында өлкөнүн түштүгүндө болгон улуттар аралык кагылышуулар боюнча тергөөнү жанданткан. Мамкомитеттен башаламандыктардын келип чыгышынын себептерин текшерип, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн жана облустук деңгээлдеги жооптуу адамдардын Жалал-Абаддык ишкер жана жергиликтүү өзбек жамаатынын мурдагы лидери Кадыржан Батыровдун өлкөдөн чыгып кетишине өбөлгө түзүп берген аракетине баа берилерин белгилешкен.
УКМКнын маалыматына ылайык, Батыровдун өлкөдөн чыгып кетиши улуттар аралык жаңжалдын чыгышынын бирден бир себеби болгон. Анын өлкөдөн чыгып кетүүсү кандайча кагылышууларга алып келгени так айтылган эмес.
Май айында июнь окуясы боюнча айып Убактылуу өкмөттүн дагы үч мүчөсүнө тагылганы белгилүү болгон — УКМКнын мурдагы башчысы Кеңешбек Дүйшөбаевге, экс-коргоо министри Исмаил Исаковго жана Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Бектур Асановго. Үчөө тең кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип жатат.
Тема боюнча окуңуз: Июнь окуясы: Атамбаевге кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу айыбы тагылды