Июнь окуясы: Атамбаевге кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу айыбы тагылды

Башкы прокуратура 2010-жылдагы июнь окуялары боюнча иштин алкагында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге айып такты. Бул тууралуу мурдагы президенттин адвокаты Сергей Слесарёв билдирди.

Анын айтымында, Атамбаев кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелүүдө. Слесарёв Башкы прокуратуранын токтомун жарыялады.

«Алмазбек Атамбаев жана Убактылуу өкмөттүн аракетсиздигинен улам, сепаратист Кадыржан Батыров жана анын тарапташтарынын кылмыштуу, арам ойлорун ишке ашырууга багытталган аракеттеринин жыйынтыгында Ош, Жалал-Абад облустарында жана Ош шаарындагы кыргыз жана өзбек улутундагы жарандардын кагылышуусунда жалпысынан 434 адам каза болуп, 1 000ден ашууну ар кандай жаракттарды алышып, жалпысынан 3 819 объект талкаланып, материалдык чыгымдын көлөмү 4,21 млрд сомдук зыян келтирилген», — деп айтылган документте.

Адвокат Sputnik басылмасына берген интервьюсунда тергөө биринчи суракты өткөрүүгө аракет кылганын, бирок мурдагы президент сурактан баш тартканын айтты.

Убактылуу өкмөт 2010-жылдагы апрель революциясынын натйжасында келген. Анда президент Курманбек Бакиевдин режими кулаган. Убактылуу өкмөттүн курамына жалпы 14 киши кирген. Роза Отунбаева төрайымы, Алмазбек Атамбаев анын биринчи орун басары болгон. Атамбаев экономикалык блокту тескеген.

Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү: Өмүрбек Текебаев, Роза Отунбаева жана Алмазбек Атамбаев. Сүрөт: RFE/RL.

Учурда Атамбаев Молдовановка айылындагы колонияда камакта. Ал кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу иши боюнча мүлкүн конфискациялоо менен 11 жыл 2 айга эркинен ажыратылган. Ал дагы бир нече кылмыш иштеринин фигуранты.

20-майда июнь окуясы боюнча айып Убактылуу өкмөттүн дагы үч мүчөсүнө тагылганы белгилүү болгон — УКМКнын мурдагы башчысы Кеңешбек Дүйшөбаевге, экс-коргоо министри Исмаил Исаковго жана Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Бектур Асановго. Үчөө тең кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип жатат.

Кийинчерээк Башкы прокуратура Убактылуу өкмөттүн 9 мүчөсүнүн, анын ичинде Отунбаева менен Атамбаевдин мүлктөрү тууралуу маалыматтарды тактап жатканы белгилүү болгон.

Башкы прокуратура мүлкүн тактап жаткан кишилердин тизмеси: Сүрөт: «Азаттык».

Июнь окуясы боюнча иштер

2021-жылдын 16-апрелинде УКМК 2010-жылдагы «июнь коогалаңы» боюнча тергөө кайрадан жанданганын кабарлаган. Бул президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен башталган. Ошол учурда Мамлекеттик комитеттен текшерүү Кадыржан Батыровдун өлкөдөн чыгып кетишине мыйзамсыз көмөктөшүү фактысы боюнча Убактылуу өкмөттүн кызмат адамдарына карата да жүргүзүлөт деп билдиришкен.

УКМКнын маалыматына ылайык, Батыровдун өлкөдөн чыгып кетиши улуттар аралык жаңжалдын чыгышынын бирден бир себеби болгон. Анын өлкөдөн чыгып кетүүсү кандайча кагылышууларга алып келгени так айтылган эмес.

«Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө 2010-жылдын май-июнь айларында Ош жана Жалал-Абад облустарында массалык башаламандыктын келип чыгышына түрткү болгон себептер жана шарттар иликтенет, ошондой эле Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн иш-аракеттерине соңку юридикалык баа берилет», — деген атайын кызмат.

Андан бери Башкы прокуратурада 15 киши, мурдагы жана учурдагы аткаминерлер сурак берди. Кылмыш иши «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен иликтенип жатат.

Суракка президент Садыр Жапаров жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев да барган.

2010-жылдагы улуттар аралык кагылышуу

2010-жылдын 10-июнунан тартып 14-июнга чейин Ош жана Жалал-Абад шаарларында этникалык өзбектер менен кыргыздардын ортосунда жаңжал чыккан — ал күндөрү Ош менен Жалал-Абаддын көчөлөрүндө коменданттык саат жана өзгөчө абал жарыяланган. Миңдеген имараттар өрттөлүп, аскер кызматкерлери менен милициянын курал-жарагы жана атайын техникасы басылып алынган.

Расмий маалымат боюнча кагылышууда 426 адам каза тапкан, миңден ашуун адам жарадар болгон.

Июнь коогалаңын иликтеген Ким Кильюнендин эл аралык комиссиясынын маалыматына караганда, каза болгондордун саны 470 адамга жеткен. Алардын ичинен 74%ы өзбектер, 25% кыргыздар, ал эми бир пайызды башка этникалык топтун өкүлдөрү түзгөн. Көз жумгандардын 67%га жакыны октон жаракат алган.

Кыргызстандын өкмөтү комиссиянын тыянактарын «бейтарап жана бир жактуу» деп атап, ал эми парламент депутаттары комиссиянын башчысы Киммо Кильюненди «персона нон-грата» деп таанып, ага өлкөгө кирүүгө тыюу салган.