УКМК: «Дастан» корпорациясынын жетекчилери 695 миң долларды мыйзамсыз ыйгарып алган

Сүрөт: «ТНК Дастан» ААК

«Дастан» трансулуттук корпорациясынын жана анын туундуу «Улан» ишканасынын кызмат адамдары мамлекеттик бюджеттен 695 миң доллар мыйзамсыз ыйгарып алууга шектелип жатат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кабарлады.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, «Дастан» ачык акционердик коому 2020-жылдын май айында чет өлкөлөрдүн бири менен атайын техникаларды сатып алуу боюнча келишим түзгөн — анын суммасы 3 млн долларды түзгөн.

Тергөөнүн версиясы боюнча, «Дастан» ААКтын жетекчилиги аталган каражаттардын 695 миң долларын «мыйзамсыз ыйгарып алуу» максатында «Улан» туунду — башкача айтканда өзүнө көз каранды компания менен тейлөө келишимин түзгөн.

«Аталган каражаттарды максатсыз пайдалануу максатында, “Улан” ААК жетекчилиги ЖЧКлардын бири менен 54 миллион сомго атайын жабдууларды алып келүү үчүн “Улан” ААК директору Ж.Р.Ж. жасалма келишим түзгөн», — деп берилет УКМКнын билдирүүсүндө.

Аталган факт боюнча «Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш ачылып, кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Ал эми «Улан» АККтын директору УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

УКМК буга чейин да «Дастан» корпорациясынын жетекчилиги тарабынан кылмыш аракеттерин аныктаган. Мындан эки жыл мурун атайын кызмат «Дастан» ААК 2012-жылы мамлекеттик бюджеттен 470 миң доллар мыйзамсыз ыйгарып алганын ачыктаган — ал учурда корпорацияны Бишкектин мурдагы мэри Албек Ибраимов жетектеген.

Ленин райондук соту 2019-жылы Ибраимовду «Дастандын» бир катар каржы кылмыштарына күнөлүү деп табып, аны 15 жылга эркинен ажыраткан. Ал эми үстүбөздөгү жылдын 5-октябрында Ибраимов Бишкектеги массалык толкундоолор учурунда тарапташтары тарабынан абактан чыгарылып, учурда ал издөөгө алынган.