Министрлер кабинети «Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс жөнүндө» мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна жиберди. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев Телеграм-каналына жазды.
Бекешев бардык коррупционерлер мыйзам долбоорун пайдаланып, мурдагы салык декларацияларынын баарын жок кылып салышы мүмкүн экенин белгиледи.
«Өздөрүнө ылайыктап мыйзам долбоорун жазышты. Кандай гана кызык убак. Коррупционер мыйзам чегинен чыкпаган, абийирдүү жаран болушуна шарт түзүп беришти. Бекеринен айтылбайт да, миңди уурдасаң — түрмөгө отурасың, миллион уурдасаң — керек болсо медаль аласың. А эгер каражатыңды адалдагың келсе — барып кумаркана ач», — деп жазды депутат.
«Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс жөнүндөгү» мыйзам долбоору тууралуу жакында эле белгилүү болду. Долбоорду Президенттин администрациясы иштеп чыкты.
2022-жылдын март айында президент Садыр Жапаров бул мыйзам долбоору «биринчи кезекте көмүскө экономиканын үлүшүн кыскартууга, активдердин сакталышын камсыздоого жана алардын ээлерин мамлекеттик органдардын куугунтугунан коргоого багытталганын» айткан. Жапаровдун пикиринде, көмүскө экономиканын деңгээлинин жогору болушу — өлкө эгемендик алгандан бери келе жаткан «чоң көйгөй».
Президент «өлкө тарыхтын жаңы барагын ачып жатат», ал эми бул мыйзам долбоорун ишке ашыруу үчүн мамлекеттин «саясий эрки жана кепилдиги жетиштүү» деп айткан.
«Жеке адамдардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө мыйзам өлкө тарыхында 5 жолу кабыл алынган. Бирок ошол беш жолу кабыл алынган мыйзамдын бири да ар кандай жагдайлардан улам тийиштүү натыйжасын берген эмес. Ошол эле кезде мыйзам долбоору мамлекет тарабынан кол тийбестиктин бардык кепилдиктерин камсыздай тургандыгын баса белгилей кетүү керек», — деп Жапаровдун айткандарын басма сөз кызматы келтирген.
Мыйзам долбоору эмне үчүн кооптуу?
Мыйзам долбоорун «Адилет» Укуктук клиникасы анализдеп чыккан. Анда мыйзам долбоору өлкөнүн Конституциясына, анын ичинде Кыргызстан өзү мүчө болгон эл аралык келишимдерге жана документтерге, ошондой эле коррупцияны жоюу жана алдын алуу боюнча мамлекеттик стратегияга каршы келерин белгиленген.
Мыйзамдын долбооруна ылайык, кыргызстандыктар атайын декларация тапшыра алышат. Документте алардын мурда кандайдыр бир себептерден документке кирбей калган, ал тургай мыйзамсыз жана кылмыштуу жол менен келсе да бардык кирешелери жана мүлктөрү көрсөтүлөт.
Ошол эле кезде активдеринин келген булагын ачыктоого эч ким милдеттүү болбойт. Атайын даярдалган жаңы декларация алардын мыйзамдуу экенине тастыктоо болуп берет.
Сунушталып жаткан мыйзам долбооруна ылайык, кыргызстандыктар өз активдеринин кайсы булактан келгенин көрсөтүүгө милдеттүү болбойт. Эгер ал мыйзамсыз же кылмыштуу жол менен табылып бирок декларацияга киргизилген болсо, анда декларанттар бардык жоопкерчиликтен, керек болсо кылмыш жоопкерчилигинен да бошотулат.
Ошондой эле, мыйзам долбоору бардык аткаминерлердин, жогорку кызматты ээлеген мамлекеттик кызматкерлердин жана саясатчылардын кирешелери жана чыгашалары тууралуу маалыматтарды жарыялоого тыюу салат. Тыюу алардын жакындарынын мүлктөрүнө да тиешелүү болуп саналат.
Мындан тышкары, мыйзам долбоорунун авторлору маалыматтарды жана декларацияны ачыктоо үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартууну каалашат. Мындай маалыматтарды сотто далил катары колдонууга болбойт. Бул маалыматтар сотторго жеткиликтүү болбойт.
«Бул өзгөртүүлөр менен жогорку жана ортоңку мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кирешелери тууралуу маалыматты коомчулуктан жашырууну каалаганы байкалып турат. Бул Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттемелерине, ошондой эле буга чейин коррупцияга каршы жарыяланган кеңири масштабдуу саясатына да каршы келет», — деп белгилешкен юристтер.
Анализде мыйзам долбоору Кыргызстан мүчө болгон БУУнун Коррупцияга каршы конвенциясына каршы келери айтылат. Бул мыйзамсыз баюу мамлекет тарабынан колдоо таппай, жазага тартылышы керек деген эл аралык-укуктук документ.
«Иш жүзүндө киргизилип жаткан сунуштар менен инсандыкка каршы бардык кылмыштардан, бардык кызматтык кылмыштардан, бандитизмден, адам сатуудан жана эмгекти мыйзамсыз эксплуатациялоодон пайда көрүү кубатталат», — деп эсептешет юристтер.
Тема боюнча окуңуз: Президенттик аппарат мыйзамсыз активдерди мыйзамдаштырууну сунуштады
Кыргызстан мамлекеттик кызматкерлердин декларациясын жашырууну каалайт