«Алтын тамга» мамлекеттик аттестациясынын жыйынтыгы боюнча, 2022-жылы 80 гана бүтүрүүчү артыкчылык аттестатын алуу укугуна ээ болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Ушул жылы тестирлөөгө 2 142 окуучу катышкан жана анын ичинен 80и (3,7%ы) гана артыкчылык аттестатын алуу укугуна ээ болушту. Бул аталган тестирлөөдө акыркы 10 жылдагы эң төмөнкү көрсөткүч болду.
Мындан начар абал 2011-жылы, «Алтын тамга» сынагы биринчи жолу өткөрүлгөндө болгон. Анда тестке 3 006 киши катышкан. Алардын ичинен болгону 95 окуучу (3,16%) артыкчылык аттестатына ээ болгон.
«Алтын тамга» аттестатын алуу үчүн сынак тапшыргандардын мыктылары 2021-жылдагы бүтүрүүчүлөр болгон. Анда 1 394 бүтүрүүчүнүн 511и (36,6%ы) тестти ийгиликтүү тапшырган.
«Алтын тамга» деген эмне?
«Алтын тамга» – бул өзгөчө үлгүдөгү аттестат алууга татыктуу мектеп бүтүрүүчүлөрү тапшырган тестирлөө. Ал ар жыл сайын өткөрүлүп, мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн билим деңгээлине көз карандысыз баа берилет. Аны бардык сабактарды беш деген баага аяктап жаткан 10-11-класстын окуучулары тапшыра алышат.
Тест алгебра, химия жана тарых предметтерин камтыйт. Талапкер окуучулар окутуу тилине жараша — кыргыз, орус же өзбек тили жана адабиятынан да тест тапшырышат.
Тесттеги суроолорго 75%дан ашык туура жооп бергендер ийгиликтүү тапшырды деп эсептелет. Алар мамлекеттик сынактардан бошотулат.
Бүтүрүүчүлөр «Алтын тамга» тесттинен кулап калганынын себеби эмнеде?
Ата-энелер менен окуучулардын версиясы
Буга чейин «Алтын тамга» жыйынтыктоочу аттестациясына катышкан айрым мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн ата-энелери сынактын жыйынтыгына нааразы экенин билдиришкен. Алар балдары сынакты кайрадан тапшыруусун талап кылышкан.
Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Самаркүл Умаралиева тестти кайрадан өткөрүү талабын айтып эки миңден ашык окуучу кайрылганын билдирди.
Мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн ата-энелери сынакты кайрадан тапшырууну талап кылышкан. Бирок Билим берүү министрлиги баш тарткан.
«Учурда “Алтын тамга” сынагынын жыйынтыгына даттанууга арыздар кабыл алынууда (компьютер эсептеген упайларды кол менен эсептөө). Апелляциянын жыйынтыгы бардык талапкерлердин арыздары каралгандан кийин чыгат», — деп билдиришкен Билим берүү министрлигинен.
Билим берүү министрлигинин версиясы
Билим берүү министрлигинин астындагы Билимди баалоо жана маалыматтык технологиялар борбору мындай жыйынтыкка аралыктан окутуу себеп болгон деп эсептешет.
COVID-19 пандемиясынан улам мектеп окуучулары 2020-жылдын 8-апрелинен тарта онлайн форматта окууга өтүшкөн. Кадимки оффлайн окуу тартибине Кыргызстандык окуучулар 2021-жылдын 15-сентябрында гана кайтышкан.
Өлкөдө ӨА жана ӨК режими киргенден кийин Билим берүү министрлиги тез арада аралыктан билим алуунун окуу программасын иштеп чыккан. Бардык окуу материалдары ведомствонун атайын сайтына жүктөлүп, ошондой эле телевизор аркылуу эфирге берилип турган. Окуучулар дээрлик 1,5 жыл онлайн форматта окушкан.
Улуттук борбордун жетекчиси Бактыгүл Шамшидинова 24.kg маалымат агенттигине берген интервьюсунда, буга чейин бүтүрүүчүлөрдүн 10-17%ы «Алтын тамга» тестинде өз билимин тастыктап келишкенин белгилеген.
«Акыркы жылдары [тестти] тапшыргандардын саны 1,3-1,5 миңди түзүп келген. Ушул жылы болсо, дээрлик миң адамга көп. Менин оюнча бул онлай окууга байланыштуу. Балдар тапшырмага даярданууда интернетти, китептерди, сырттан жардамды колдонушуп жакшы жыйынтыктарга жетип, жакшы баа алышты. Анан аларды мектептер өзгөчө үлгүдөгү аттестатты алууга түртүштү», — деп айткан Шамшидинова.
Бул жылдагы тапшырмалар буга чейинки жылдарга караганда оор болдубу деген суроого улуттук борбордун директору тест орто мектептердин программасынын негизинде түзүлгөн деп жооп берди.
«Бизде ар жыл сайын кайталануучу орчунду суроолор бар. Биз анализ кылганда ал суроолорду да карап көрөбүз. Алар бизге эмне болуп жатканын билүүгө жардам берет», — деди ал.
Бул тестирлөө эмне үчүн керек?
Билим берүү министрлигинен «Алтын тамга» окуучулардын окуудагы жетишкендиктерин объективдүү баалоо үчүн керек деп билдиришкен.
«“Алтын тамга” жаңыдан өткөрүлүп баштаганда мектептер окуучулардын билимин туура эмес баалап жатышат десе болмок. Убакыттын өтүшү менен биздин мугалимдер туура баалоо керек экенине көнө башташты. Натыйжада тест тапшырууну каалагандардын саны эки эсе азайды», — деп билдирген Улуттук баалоо борборунун директору Бактыгүл Шамшидинова Kaktus.Media басылмасына 2019-жылы.
Автор: Жаркынай Женалиева