Таласта кесиптик лицейдин кызматкерлери айлык акысын он эсе көбөйтүп алганы айтылды

Талас облусунун прокуратурасы №13 кесиптик лицейинин кызматкерлери айлык акыларын он эсеге көтөрүп алганын аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.

«Прокуратура 2019-2021-жылдары лицейдин айрым кызматкерлери өздөрү үчүн пайда көрүү жана артыкчылык алуу максатында, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, бекитилген тарификациялык тизмелерге карабастан, жалпы 2 млн 497 миң сом ашыкча маяна алышканын аныктады», — деп билдирет көзөмөл органдын басма сөз кызматы.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, тарификациялык тизмеге ылайык лицейдин башкы эсепчиси 2021-жылдын июль айында 7553 сомду маяна алмак, бирок иш жүзүндө 73 миң 615 сом айлык алган.

Талас прокуратурасы «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Тергөө уланууда.