Кара-Балтада аялын мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелип күйөөсү кармалды

Кара-Балта шаарынын тургуну жарандык никедеги аялынын өлүмүнө шектелип кармалды. Бул тууралуу «Клоопко» Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Облустук милициянын маалыматына ылайык, 21-июнда милиционерлер күч колдонуп өлтүрүүнүн белгилери бар аялдын сөөгүн табышкан. Сөөктү кароо учурунда аялдын башы кесилип, жок болуп чыккан.

Маркум 47 жаштагы жергиликтүү тургун экени аныкталып, аялдын өлүмү иликтенип башталган.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө Чүй ОИИБи, Жайыл РИИБи жана Жалал-Абад ОИИБдин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү Жалал-Абад облусунда жашырынып жүргөн жеринен кармалган. Ал 46 жаштагы маркумдун жарандык никедеги жодошу болуп чыккан.

Аталган факты «Адам өлтүрүү» беренеси менен катталып, кылмыш иши козголду. Шектүү Жайыл РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Кыргызстандагы фемицид жана үй-бүлөлүк зомбулук

*Адатта аял кишинин эркек киши тарабынан өлтүрүлүшү фемицид деп аталат. Мындай кадамга эркектер кыз-келиндерди жек көргөндүктөн, гендердик басмырлоонун натыйжасында же мамлекет гендердик зордук-зомбулукка билип туруп көз жумуп койгон учурларда барышат.

«Клооптун» журналисттеринин Кыргызстандагы фемицид тууралуу изилдөөсүндө аялдар көбүнесе күйөөсү же бирге жашаган өнөктөшүнүн колунан ажал табары аныкталган — бул үй-бүлөлүк зомбулукту убагында алдын албагандын кесепети.

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 2021-жылы Кыргызстанда 10 миңден ашуун үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган.

Зомбулукка кабылгандардын 9 038не коргоо ордери берилген — анын ичинен 8 миң 463ү аялдарга, 311и эркектерге, 264 жашы жете элек өспүрүмдөргө ыйгарылган.

Кыргызстанда зомбулуктан жабыркагандардын көпчүлүгү милицияга арыз менен кайрылбагандыктан окуялар катталбай, расмий статистикага кирбей калат. Бул үй-бүлөлүк зомбулуктун масштабы алда канча чоң экенинен кабар берет.

Агрессорду мыйзам чегинде жазалоо абдан татаал — көпчүлүк кылмыш иштери айып пул төлөө же коомдук жумуштарга тартылуу менен чектелет. Ошондуктан сот жообуна тартылбай турганын билген агрессор аялды өлтүрүп да коюшу мүмкүн.

Кризистик борборлордун даректери

Сиз же сиздин жакындарыңыз зордук-зомбулукка кабыл болгон учурда

кайрыла турган кризистик борборлордун даректери жана телефон номурлары:

  • «Шанс» кризистик борбору — Бишкек, Чуй проспекти, 207, 509 батир, телефон: 0709710320;
  • «Сезим» кризистик борбору — Бишкек, Табышалиев көчөсү, 3, телефон: 0312512640;
  • ОО «Энсан — Диамонд» — Ош, Ленин көчөсү, 205/105, телефон: 0772328960, 0322222965;
  • «Акылкарачач» кризистик борбору — Ош облусу, Гүлчө айылы, Набережная көчөсү, 1, телефондор: 0555281423, 0776281423;
  • «Аруулан» кризистик борбору — Ош, Ленин көчөсү, 205, телефондор: 0776380777, 0322255608;
  • «Ак журок» кризистик борбору — Ош, Ленин көчөсү, 205, телефондор: 0550231329, 0322245976;
  • ОО «Мээрбан» кризистик борбору — Ош, Ленин көчөсү, 312/23, телефон: 0773843461;
  • НПО «Тендеш» кризистик борбору — Нарын, Кыргыз көчөсү, 31/3, телефондор: 0700257890, 0352250270, 03522295047;
  • «Аялзат» коомдук фондунун алдындагы «Маана» кризистик борбору — Талас, Тагайбаев көчөсү, 274/2, телефондор: 0557484713, 0342255885;
  • «Жаныл Мырза» кризистик борбору — Баткен, Сыдыков көчөсү, 3, телефон: 0777393077;
  • «Каниет» кризистик борбору — Джалал-Абад, Б.Осмонов көчөсү, 113, телефон: 0372255084;
  • ОО «Аялзат — развитие женских инициатив» — Каракол, Абдрахманов көчөсү, 105-14, телефондор: 0392251091, 0553835717;
  • «Алтынай» кризистик борбору, Чолпон-Ата — 0709694550;
  • «Мээрман» кризистик борбору, Каракол — 0706383637;
  • Аялдарга жардам берүү жана реабилитациялоо борбору «Химая», Каракол — 0702223535, 0551733390.