Парламенттин отуруму. Сүрөт: Жогорку Кеңештин сайты.

Депутаттар Жогорку Кеңештин 22-июндагы жыйынында Кыргызстанда кумарканалардын иштөөсүнө уруксат берүү боюнча мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда колдоп беришти. Анткен менен жыйында чуу чыгап — бир нече депутат добуш бербей мыйзам долбооруна добуш берүүгө бөгөт коюуга аракет кылышты.

Парламенттин регламентине ылайык, каттоодон өткөн бардык депутаттар мыйзам долбооруна добуш берүүгө тийиш. Бирок Жогорку Кеңештин юристи регламентте депутаттар кайсыл учурда добуш берүүдөн баш тартса болору так жазылган эмес деп түшүндүрдү. Анын айтымында, мындай учурда мыйзам долбоору көпчүлүктүн добушу менен кабыл алынат деп жазылган Конституция үстөмдүк кылат.

Парламент депутаттары казино жөнүндөгү мыйзамды бешинчи аракеттен кийин гана кабыл алды. Экинчи окууда демилгени 59 депутат колдосо, каршы чыккандар — 9 киши. Дагы 6 депутат добуш берген жок.

Үчүнчү окууда мыйзам долбооруна 58 депутат добуш берип, анын 9у каршы чыкты. Бирок жалпы 72 эл өкүлү катталган.

Мыйзам долбоору эмне жөнүндө?

Казинону мыйзамдаштыруу жөнүндөгү мыйзам долбоорунун демилгечиси Экономика министрлиги. Министрлик кайрадан казинолорду, тотализаторлорду, букмекердик контораларды жана оюн автоматтарын мыйзамдаштырууну каалайт.

Мыйзам долбоорунда Кыргызстандын жарандары, аракетке жөндөмсүз же 21 жашка толо элек чет өлкөлүктөр кумаркананын кардары боло албайт деп жазылган.

Минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров 22-июндагы отурумда депутаттардын суроолоруна өзү жооп берип жатты.

Акылбек Жапаров парламентте. Сүрөт: Видеодон скриншот.

Анда Жапаров мыйзам долбоору мамлекеттик бюджеттин кирешесин көбөйтөрүн, ал эми түшкөн каражатка бийлик социалдык көйгөйлөрдү чесе болорун бир нече жолу кайталады.

Депутаттардын пикири

Бирок өкмөт демилгелеген мыйзам долбоору эл өкүлдөрүндө ача пикир пикир жаратты. Депутат Сүйүнбек Өмүрзаков Кыргызстандын казино иштетүү боюнча тажрыйбасы бар экенин эскертти. Өлкө аймагында 1998-жылдан 2012-жылга чейин казиного тыюуу салын эмес болчу.

«Ушул мыйзам долбоорунун 15-беренесинде жазып атасыздар, Кыргызстандын жарандары казинолорго киргизилбейт деп. Муну кандай көзөмөлдөйсүздөр?» — деп суроо салды ал.

Жапаров бийлик казинолордун кире беришинде биометрикалык текшерүү орнотууну ойлонуп жатканын айтып жооп берди.

«Бир дагы кыргызстандык казиного кирип ойнобойт. Ойной турган болсо лицензиясынан ажыратылат. Мына депутаттар сунуш беришти. [Казинолор ачылып жатканда] лицензияны 1,5 млн доллар деп жатасыздар. Мен муну колдоюн деп жатам. Ачылып жатканда 1-1,5 млн долларды өкмөттүн эсебине коюп койсун. Эгер бир кыргызды киргизе турган болсо, лицензиясы менен кошо 1,5 млн долларын кошо алып коебуз. Мына ушундай көзөмөл болот. Аны биз эмес, казинону ачкан кожоюндар өзүлөрү көзөмөлдөп калат», — деп ишендирди ал.

Ошондой эле Жапаров кыргыз бийлиги Орусиянын жарандыгын алган кыргыз атуулдарынын тизмесин сурап орус бийлигине кайрылганын кошумчалады.

«Төрөлгөндө биз бир гана жолу ИНН беребиз да. Киргендерди ошол ИНН аркылуу контролго алалы деп жатабыз», — деп жооп берди Жапаров.

Депутат Дастан Бекешев минкабдын мыйзам долбоору онлайн казинолорду иштетүүгө жол ачарын, бул өз кезегинде жаш балдарга зыян келтириши мүмкүн экенин эскертти.

«Туура, мектептерди куруш керек, жолдорду куруш керек, бир топ социалдык көйгөйлөрдү чечиш керек. Бирок онлайн казино биздин балдарга зыянын келтирет да. Коррупцияны легалдаштыруу болуп жатат. Келиңиздер, анда ошону менен токтобой баңгизатты легалдаштыралы, акча керек да эми. Көйгөйлөр көп, башка кылмыш аракеттерди да легалдаштыралы анда. Эмнеге биз анда токтоп атабыз? Акча керек да. Акча керек деп кээде биз өзүбүздүн моралдык жагын унутуп атабыз да. Акча эле акча, ошондон көйгөйдү көрүп жатабыз да. Ошон үчүн маданият жактан, моралдык жактан өспөй жатабыз [...] Кээ бир коллегалар беш маал намаз окуп, казинону колдоп атышат», — деди Бекешев.

Айрым депутаттар казино жөнүндөгү мыйзам долбоорунун талкуулоого муфтияттын өкүлдөрүн чакырууну сунушташты. Бул суроого УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев жооп берди.

«Ушул мыйзамды аткарганга аракет кылабыз. Көпчүлүк депутаттар ыйманды айтып жатасыздар. Ооба, бул туура. Баарыбыз эле намаз окуйбуз, бирок ыйман деген жигиттердин кандай иштерди аткарып жүрүшкөнүн билем. Кайсы акча алмаштыруучу жайды иштетип жатканыңарды билем. Ал жакта кандай пайыз менен берип жатканыңардан да кабарым бар. Ыйман деп коюп акчаларды кайсы жерге алып барып жатканыңар документ менен бар. Казино жаман дегендер, казинодон чыкпай күнү-түнү жаткандар бар. Баарыбыз билебиз ал депутаттарды, ушул жерде отурасыңар. Ошондуктан, урматтуу депутаттар, ушул нерсени [казинону]саясатташтыруунун алдында, жакшылап ойлонуп алышыңар керек», — деди Ташиев парламенттеги жыйында.

Бөгөт коюу аракети

Отурум добуш берүүгө жеткенде, үч ирет үзгүлтүккө учурады. Депутаттар Адахан Мадумаров, Нуржигит Кадырбеков, Айгүл Айдарова, Алишер Эшбаев, Исхак Масалиев жана Эмил Токтошев «колдойм» же «каршымын» деп жооп берүүдөн карманышты.

Адахан Мадумаров. Сүрөт: Жогорку Кеңештин сайты.

«Биздин пикирибиз ушундай. Эгерде микрофонду өчүрөбүз, компьютерлериңерди өчүрөбүз, өчүрүп каалагандай кабыл алып кете беребиз десеңер, анда өчүргүлө. Ага да макулбуз. Өчүрүп коюп туруп, каалаган добушту берип кете бергиле. [...] Жеке Талант Турдумаматович, сизге: 2-3 жолу фракциянын жетекчилерин чакырып алып, кабинетиңизде жыйын өткөрүптүрсүз. Сизге суроо берилиптир: “Эмне үчүн “Бүтүн Кыргызстан” менен “Ыйман Нуру” жок деп. “Алар бары бир колдобойт” деген жоопту айтыптырсыз. Колдойбузбу, колдобойбузбу, ал биздин жумуш. Ар бир фракцияны бөлүп-бөлүп, бул жерде туруп айткансыз, фракцияга, партиясына карабай, тегиз мамиле кылышка сөз берем деп. [...] Мадумаров колдойбу-колдобойбу, сиз фракциянын жетекчиси катары чакырууга милдеттүүсүз», — деп нааразы болду Мадумаров.

Жогорку Кеңештин регламентине ылайык, каттоодон өткөн ар бир депутат өз добушун бериши керек.

Парламенттин төрагасы Талант Мамытов ар бир депутат өзүнүн позициясын добуш берүү аркылуу билдириш керек деп жооп берди. Ал дагы бир жолу добуш берүү өткөрүүгө аракет кылды, бирок ал дагы добуш бербеген депутаттардын айынан жокко чыгарылды.

Мамытов тыныгуу жарыялап, фракция лидерлерин акылдашууга чакырды.

Көп өтпөй жыйын улантылып, депутат Дастан Жумабеков мындай абал биринчи жолу болуп жаткандыктан, регламентте эрежелер жазылбаганын белгиледи. Бирок ал мындай учурларда мыйзамдар көпчүлүк добуш менен кабыл алынат деген Конституциялык мыйзамга таяныш керек деди. Бул пикирди спикер Талант Мамытов дагы колдоду.

Талант Мамытов. Сүрөт: Жогорку Кеңештин сайты.

Кийин сөздү кайрадан Мадумаров алды. Ал пайдасынан зыяны көп деп мыйзам долбооруна каршы чыкты.

Андан соң президент Садыр Жапаровдун кудасы, депутат Акылбек Түмөнбаев сөз алды. Ал өз сөзүндө Мадумаров өлкөнү өнүктүрөм деген бийликке бут тосуп жатканын белгиледи. Анын пикиринде, ушундай жол менен Мадумаров саясий упай топтоп жатат. Түмөнбаев эл алардын көйгөйүн чечүү үчүн добуш беришкенин белгиледи.

Андан кийин Минкабдын башчысы Акылбек Жапаров сүйлөдү. Ал кумарканалар Кыргызстанда мурда дагы иштегенин айтып, депутаттар ушуга окшош мыйзамга добуш бергенин кошумчалады. Ал мыйзам долбоору кабыл алынса, мамлекеттик бюджетти толтурууга жардам берерин кайрадан кайталады.

«Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын мүчөсү Исхак Масалиев өз кезегинде, айрым депуттардын добушу жок эле мыйзам долбоорун кабыл алуу үчүн, регламентти гана өзгөртсө болорун белгиледи.

Депутат Акбөкөн Таштанбеков жакын арада Жогорку Кеңештин регламентин өзгөртүш үчүн добуш берүүнү кийинкиге калтырууну сунуштады.

«Эгерде добуш бербесе эмне кыласыңар? Келип алып сабайсыңарбы? Ошондуктан, менин оюмча, бир чети туура, канчадан бери регламентти калтырып келатабыз. Регламентти тез арада кабыл алалы. Ушул абалды ошол жерге жазалы, экинчи ушундай болбой тургандай, калыс деген, добуш бербей койсо деле мейли. Анан чын эле мындай болбош керек болчу да, адам чын эле каттоодон өтпөй же добуш бербей койсо ушинтип жүрө беребизби? 5-6 күндөн эч нерсе болбойт», — деди ал.

Бирок бешинчи жолку аракеттен кийин гана депутаттар казино жөнүндөгү мыйзамды кабыл алышты.

Кыргызстандагы казино

Кыргызстанда кумар оюндарынын ишмердүүлүгүнө 2012-жылы бөгөт коюлган. 2015-жылы тотализатор жана букмекерлерге тыюу салынган. Бирок андан бери көмүскө иштеген кумарканалардын бети ачылып турган.

2021-жылы президент Садыр Жапаров Кыргызстандын бардык аймактарында — ири шаарлар менен облустун борборлоруна казино ачууну демилгелеген. Аны минкаб төрагасы Акылбек Жапаров да колдогон.

Анда президент казинолор бизнеси бюджетке «миллиарддаган» киреше алып келерин, өкмөт ар бир оюн үстөлүнөн гана салык албастан, 1-1,5 млн долларга лицензия сатса болорун баса белгилеген.