Жапаров: Казинону Кыргызстандын бардык аймагына ачабыз

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын бардык аймактарында — ири шаарлар менен облустун борборлоруна казина ачыла турганын билдирди. Бул тууралуу ал «Пирамида» телеканалына курган маегинде айтты.

Жапаров казино ачуу демилгесин көтөрүп чыккан эл өкүлдөрүн колдой турганын белгиледи.

«Казино маселесин депутаттар демилгелеп киргизген экен, мен колдойм, туура эле болду. Азыр [мыйзам долбоорунда] Ысык-Көл менен Баткенде болсун деп эки жер көргөзүлгөн экен. Мен аппаратка айтып жатам, сунуш киргизип бардык жактарда эле [уруксат] бергиле — Бишкекте, облус борборлорунда», — деди ал.

Жапаров Кыргызстанда казинолордун ишине 2015-жылы бир ууч депутаттар жана саясатчылардын айынан тыюу салынып калганына токтолду. Себеби, алар казинонун ээлеринен ири суммадагы акча сурап шантаж кылышкан, бирок ишкерлер макул болбой койгондо «анда иштебейсиңер деп туруп бир абзац мыйзам менен жок кылып койгон» деди президент. Ал андан сырткары казинолор ишмердигин жүргүзүү үчүн 1 - 1,5 млн долларга лицензия алып, андан сырткары ар бир стол менен автоматка салык төлөшөрүн айтып, казинолордун ачылышы бюджетке пайда гана алып келет деген оюн билдирди. Анын айтымында, казинолорго Кыргызстандын жарандарына кирүүгө тыюу салынат, мындай талап мыйзам менен дагы бекемделет. Кыргызстандын жарандарын киргизген казино ээлерине айып салынып, лицензиялары тартылып алынат. Кумарканаларга чет элдик жарандар менен туристтер гана кирет.

«Азыр экономиканы өзүңөр көрүп турасыңар — эңшерилген экономика, итке минип калган экономика. Биз ар кандай жолдорду издеп бюджетти толтурушубуз керек. Бюджетти толтурбасак биз айлык-акы бере албайбыз, пенсия, пособиелерде бере албай калабыз, сырткы карыздардан кутула албай калабыз. Ошондуктан биз эч коркпой ачышыбыз керек», — деди ал.

Садыр Жапаровдун «Пирамида» телеканалына курган маеги

Жапаров казино боюнча мыйзам долбоору орозо айында биринчи окуудан өтүп кеткенин сындап чыккандардын келтирген жүйөлөрү акылга сыйбаган нерсе экенине токтолду. Ал арактан, чочко этин сатуудан алынган салыкка караганда казинодон алынган салык адалыраак экенин белгиледи.

«Орозо айында мыйзам өтүп жатат, бул арам деген жөн эле сөз. Мисалы аракты көчөдө баары эле сатып жатпайбы, биз алардан салык алып жатабыз, бул арам эмеспи? Чочконун этин саткандардан салык алып жатабыз, бул арам эмеспи? Казино аларга караганда адалыраак болсо керек… Казинодон дагы [салык] алышыбыз керек. Бул жактан бюджетке миллиарддаган сом келет. 2015-жылдан бери алты жыл өттү, алты жылдан бери жүздөгөн миллиард сом казынага түшпөй калды», — деди ал.

«Казино, арам, президент». Ысык-Көлдө кумаркана ачуу мыйзам долбоору талаш жаратты

«Бир ок менен эки коёнду атабыз»

Садыр Жапаров казинолор беш жылдыздуу мейманканаларда гана ачыларын айтты. Өкмөт аларга казино иштетүү үчүн лицензия саткандан тышкары коюлган ар бир столдон, оюн автоматтарынан да салык аларын кошумчалады.

«Бир ок менен эки коён атып алган болобуз — лицензияны сатабыз, андан сырткары ар бир столуна, аппаратына салык төлөйт. Беш жылдыздуу гана мейманканаларга [уруксат] беребиз. Жокторуна беш жылдыздуу мейманкана салсаң анан беребиз, облустун борборлоруна да сал дейбиз», — деди ал.

Президент андан сырткары казинолорго кимдер кирип-чыгып жатканын укук коргоо органдары, казинонун өзү жана бийликтегилер да көзөмөлдөп турарын билдирди.

«Көзөмөлдү үч тараптан кылабыз — милиция оозунда турат, экинчиден казинонун ээси да көзөмөлдөйт. Кошумча мамлекет дагы карап турабыз.

Эч коркуунун кереги жок, анткени биздин бала-чака, жарандар казиного кирбейт, киргенге дагы акысы жок», — деди Жапаров.

Биринчи окууда жактырылган мыйзам долбоору

Жогорку Кеңештин депутаттары 2021-жылы 21-апрелде Ысык-Көлдүн «Тамчы» аэропортунда кумаркана ачуу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырган.

Аны 68 депутат колдоп, 23 депутат каршы добуш берди. Калган депутатттар жыйынга катышкан эмес.

Добуш берүү жыйынтыкталгандан кийин бир катар депутаттар мыйзам долбоорун кайрадан добушка коюуну суранышкан. Муну алар кайсы мыйзамга добуш берилип жатканын билбей адашып алышканы менен түшүндүрүшкөн. Ошондой эле, Орозо айында кумаркана ачуу «туура эмес болуп калаары» жана андан түшкөн акча «арам» болоору да айтылган.

Кыргызстанда кумарканаларга тыюу салуу

2011-жылы 29-сентябрда Жогорку Кеңеш «Кумар оюндарын уюштуруу ишкердигине тыюу салган» мыйзам долбоорун көпчүлүк добуш менен кабыл алган. Лицензияларын кайра кайтарып алуучу жайлардын тизмесине республика боюнча 25 кумаркана жана 35 оюн автомат жайлары кирген.

Кыргызстандын бийлиги 2012-жылдын 1-январынан тарта мыйзам күчүнө киргенден тартып лицензияларды кайтарып ала баштаган. Мыйзам долбоорунун демилгечиси «Ар-Намыс» фракциясынын депутаты Бактыбек Жетигенов, казино жана оюн автомат жайларынын болушу, кумар оюндарынан көз каранды болгондордун психикасына терс таасирин тийгизет деген оюн айткан. Кыргызстандын мурунку президенти Роза Отунбаева да мындай демилгени колдоп, казинолор коомго «терс» таасирин тийгизээрин билдирген.

Мыйзам кабыл алынган күнү казино жана оюн автоматтар жайларынын ээлери жана кызматкерлери митингге чыгышкан. 700дөй адам митингге катышып, эгер кумарканалар жабылса 15 миңдей адам жумушсуз калаарын айтышкан. Кийин 2015-жылдын май айында ушул эле мыйзамга толуктоо киргизилип, букмекердик конторалар менен тотализаторлорго дагы тыюу салынган.

2017-жылдын август айында жарандык активисттер, тыюу салынганына карабай өлкөдө казинолор ишин улантып жатканын айтып чыгышкан. Алар Бишкектеги Чүй жана Сүйүмбаев, Абдрахманов жана Москва көчөлөрүндө сыртына интернет клуб деп жазылган, айрымдары эч кандай жазуусу жок имараттарда кумар оюндары уюштуруларын билдиришкен. Активисттер бул жайлардын толук дарегин көрсөтүп беришерин, бул түйүндү 2008-жылдан бери Сан аттуу адам иштетип келерин айтышкан болчу. Ага карабай, финполдун жетекчилиги абал боюнча эч кандай комментарий берген эмес.

«Ысык-Көлдүн Лас-Вегасы». Депутаттар облуста кумаркана ачууну сунуштады