Акылбек Жапаров: Казино ачылса бюджетке 2 млрд сомго чейин түшөт

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин 22-июндагы отурумунда быйыл мамлекеттик бюджет 1миллиард сомдон 2 миллиард сомго чейин толукталышы мүмкүндүгүн билдирди. Анын айтымында, мындай көрсөткүчкө казинолорду ачууга уруксат берүү менен жетсе болот.

Ал мыйзамга ылайык, козинолорго чет өлкөнүн жарандары гана кире аларын дагы бир жолу эскертти. Эгер тескерисинче болсо, казинонун жабдуулары конфискацияланып, лицензиясы алынат деп белгиледи Жапаров.

Андан тышкары Жапаров казинолорго кирген жарандарга көзөмөл кылуу үчүн кире беришке биометрикалык көзөмөл орнотуу пландалып жатканын айтты.

Минкабдын төрагасынын айтымында, өлкөгө акча агымын алып келүү үчүн жаңы ыкмалар керек. Жапаровдун пикиринде, казино өлкөгө «көптөгөн чет өлкөлүк жарандарды тартат».

Кыргызстанда казинолорду ачуу

2021-жылы президент Садыр Жапаров Кыргызстанда казино ачууну демилгелеген. Ал эми минкаб төрагасы Акылбек Жапаров демилгени колдогон.

2021-жылдын 27-апрелинде президент казинолорду өлкөнүн бардык аймактарында ачуу идеясын сунуштаган. Ал убакта Жапаров кумар оюндары бюджетке «миллиарддаган» киреше алып келерин белгилеп, минкаб ар бир оюн столу үчүн гана салык албастан, казино ишмердигин жүргүзүү үчүн 1- 1,5 млн долларга лицензия сатаарын кошумчалаган.

Экономика жана коммерция министрлиги «Оюн-зоок иши жөнүндө» мыйзам долбоорун иштеп чыгып, 28-мартта коомдук талкууга алып чыккан.

Долбоорго ылайык, ведомство казино, тотализатор, букмекердик контора жана залдардын, ошондой эле оюн автоматтарынын ишмердүүлүгүн кайрадан мыйзамдаштырууну көздөйт.

Экономика министрлиги бул мыйзам долбоорун «кечиктирилгис» катары — кезексиз тартипте дароо үч окуудан кароону сунуштаган.

Эгерде мыйзам долбоору кабыл алынса, Кыргызстандын жарандары менен ошондой эле аракетке жөндөмсүз же 21 жашка толо электер кумарканалардын кардары боло албайт.

Минкабдын башчысы Акылбек Жапаров 2001-жылы өлкө бюджетине казино жана кумар оюндарынын ишмердүүлүгүнөн 630 миллион сом түшкөнүн, бул жолу аталган сумма төрт эсе көп болот деп күтүлүп жатканын айтып берген.

20-июнда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономика жана фискалдык саясат боюнча комитети казинону мыйзамдаштыруу боюнча мыйзам долбоорун жактырган.

Казинолордун ачылышына каршы чыккан депутат Дастан Бекешев мыйзам долбоору парламенттеги экинчи окууда каралып, кабыл алынганын айткан. Документти кабыл алуу процесси жабык эшик артында өткөн.