Кара-Суу: Алты адамды көмүр ташып бараткан унаа басып калды. Арасында кош бойлуу аял, төрт жаш бала бар

Ош облусунун Кара-Суу районунда «Хово» үлгүсүндөгү көмүр ташып бараткан унаа жол кырсына кабалып, алты адамды басып калды. Каза болгондордун арасында кош бойлуу аял, төрт жаш бала бар.

Ош облустук милициясынын маалыматына ылайык, кырсык 24-июнда саат 8:30 чамасында болгон. Жүк ташуучу унаанын 25 жаштагы айдоочусу Жаңы-Кыштак айылындагы Касымбеков көчөсү аркылуу батыштан чыгышты көздөй бара жатып кырсыкка кабылган.

Анда унаанын алдынан жүргүнчү ташыган автобус чыга калып, айдоочу унааны оңго бурганда рулга ээ боло албай калган. Натыйжада унаа капталга оодарылып кетип, 28 тонна көмүр төгүлүп, жолдун жээгиндеги дүкөндүн жанында турган кишилерди басып калган.

Кырсыктын кесепетинен алты адам — 29 жаштагы А.У.Р атуу киши, анын 4 жаштагы М.Т.А атуу кызы, 1 жашка жаңы чыккан уулу жана 24 жаштагы кош бойлуу Н.О.Ж атуу аял, анын 10 жаштагы Н.Р.Т жана 11 жаштагы О.Г.Х атуу кызы каза болду.

Маркумдардын денесине медициналык кароо жүргүзүлдү. Ал эми «Хово» жүк ташуучу унаанын айдоочусу Ош облустук наркологиялык борборунда текшерилип, соо абалда болгону аныкталды.

Жүк ташуучу унаанын Т.у.Б атуу айдоочусу жана Т.у.А атуу жүргүнчүсү окуя тууралуу суралды. Алынган материалдар Кара-Суу РИИБине өткөрүлүп берилди.

25-майда окуя боюнча «Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу» беренесинин «Этиятсыздыктан өзгөчө оор залал келтирүү» бөлүгү менен кылмыш иши козголду, жүк ташуучу унаанын айдоочусу убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

23-июнда Жалал-Абадда «Волво» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа менен «Лексус 470» үлгүсүндөгү жеңил унаа кагышып, эки адам каза болгон.

ИИМдин маалыматына ылайык, Бишкек — Ош унаа жолунун 6-60-чакырым бөлүгүндө үстүбүздөгү жылдын төрт айында 74 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 12 адам кайтыш болгон. Кырсыктан 96 адам ар кандай жаракат алган.

Аны менен катар, ИИМден түн ичинде жөө жүргүнчүлөрдү коюп кеткен учурлар көп катталып жатканын, буга көчөлөрдөгү жасалма жарыктандыруунун жоктугу дагы себепкер экенин белгилешкен.

Негизги бетте иллюстративдик сүрөт колдонулду.

Тема боюнча:

Ош — Эркечтам жолунда жол кырсыгынан эки адам каза болуп, төрт өспүрүм ооруканага түштү