Токмок: 18 метрдик кудукта аба жетпей үч киши каза тапты, дагы эки адамдын абалы оор

Чүй облусунун Токмок шаарында 18 метрдик кудук казып жаткан үч киши аба жетпей каза болду, дагы экөөнүн абалы оор. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык Токмок шаарындагы Жантаев көчөсүндө курулуш материалдарын саткан короонун ичинде болгон. Анда кудукка түшкөндө бир киши аба жетпей эс-учун жоготкон. Аны алып чыгуу үчүн кудукка дагы бир киши түшүп, ал дагы чыкпай калган. Калган үчөө алардын артынан түшүп, аба жетпей кудукта калып кеткен.

Жерине Токмок шаарындагы өрткө-каршы куткаруу бөлүгүнөн беш куткаруучусу жана ИИМ менен тез жардам кызматы барып, аларды кудуктан алып чыгышкан.

Кырсыктын кесепетинен үч киши — 42 жаштагы Х.Т, 40 жаштагы Х.М. жана 35 жаштагы Х.К. каза болду. Дагы эки киши — 33 жаштагы Х.Н. жана 23 жаштагы Х.С. жабыркап, Токмок шаардык ооруканасына жаткырылды.

Куткаруучулар каза болгондордун сөөгүн милиция кызматкерлерине өткөрүп берди.

Кудуктун диаметри бир метрди түзөт. Сүрөттөн кудук бир киши бата турганчалык казылганын көрүүгө болот. Күбөлөрдүн айтымында, кудукту 10 метрге чейин казганда дизелдик майдын жыты жыттанган. Себеби, кудукка жакын жерде май сактоочу база бар.

Үстүбүздөгү жылдын 16-июнунда Оштун Кара-Суу районундагы Курбан-Кара айылынын Савай каналына участкалык милиция кызматкери балдардын коопсуздугун камсыздоо максатында прафилактикалык рейд өткөрүп жатып сууга чөгүп кеткен. Аны үч кесиптеши куткара албай калган. Маркумдун сөөгү 18-июнда табылган.

Тема боюнча:

Жалал-Абад: Күйүүчү май ташыган унаа өрттөнүп, айдоочусу каза болду

Кара-Суу: Көмүр ташыган «Хово» оодарылып, 4 жаш бала жана эки аял каза болду