Кара-Суу: Көмүр ташыган «Хово» оодарылып, 4 жаш бала жана эки аял каза болду

Сүрөт: Бекболсун Кайыпов/ Kloop

Ош шаарына чектеш Кара-Суу районунун Нариман Жаңы-Маала айылында 24-июнда «Хово» үлгүсүндөгү көмүр ташыган оор жүк ташуучу унаа оодарылып, 6 адамды басып калды. Кулаган унааны кран менен көтөргөндөн кийин 2 аял, 3 кичинекей кыз жана 1 ымыркай каза болгондугу аныкталды.

Кырсыктын күбөлөрүнүн айтымында, көмүр ташыган унаанын айдоочусу маршруттук каттамынан бурулам деп оодарылып калган.

«Камаз шаардык МАИ жактан келе жатып, маршруткадан сол жакка өтөм деп беш адамды сүзүп кетиптир. Кырсык саат эртең мененки 7:30 менен 8:00 чамасында болду», — деди күбө.

Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен каза тапкан аялдардын биринин боюнда бар экенин белгилешти.

26-майда Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Ош — Сары-Таш — Карамык унаа жолунда жол кырсыгы катталып, үч адам каза тапкан. Алардын экөө жаш бала.

Анда «Волво» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа чиркеп бара жаткан контейнер каршы тилкеде келе жаткан «Хендай Портер» унаасынын кабинасына түшүп кеткен.

Кырсыктын кесепетинен унаада болгон 6 жаштагы бала жана 36 жаштагы киши жеринде каза тапкан. Ал эми 4 жашар наристе тез жардам унаасында жан берген. Ошондой эле авариядан 29 жаштагы аял жабыркаган.

Ош ОИИБдин маалыматына ылайык, облуста 2021-жылдын он айында 660 унаа кырсыгы катталган. Анын кесепетинен 102 киши каза таап, 1 157 киши ар түрдүү жаракаттарды алган.

Ал эми жалпы өлкө боюнча аталган аралыкта 5 437 жол кырсыгы катталып, 587 киши каза тапкан. Ошондой эле кырсыктан 8 298 киши жаракат алган.