Башпрокуратура: «Манас Ордонун» кызматкерлери 20 млн сомдон ашуун каражатты максатсыз сарптаган

Талас облусундагы «Манас Ордо» улуттук комплексинин кызматкерлери тендер жана премиялар үчүн 20 млн сомдон ашык каражатты негизсиз короткон. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматта Маданият минстрлиги жүргүзгөн ички аудит олуттуу финасылык мыйзам бузууларды аныктаганы айтылган. Аудиттин жыйынтык отчётунда 2020-2021-жылдары республикалык бюджеттин эсебинен, ошондой эле атайын эсептен аталган комплекстин кызматкерлерине материалдык жардам, сый акы, үстөк акы, эмгек өргүү акысы, эмгек стажы, кызматкерлердин ден соолугуна келтирилген залал үчүн деген негизде, эч кандай текшерүү протоколусуз акча каражаты мыйзамсыз берилгени аныкталганы жазылган.

Көзөмөл органы ошондой эле, тендер жана мамлекеттик сатып алууларды ишке ашырууда, электр энергиясы үчүн төлөмдөрдө, президенттик резервдик фондунан «Манас Ордо» улуттук комплексинин керектөөлөрү үчүн автотранспорт каражаттарын сатып алууда финансылык бузуулар аныкталганын маалымдады.

Жыйынтыгында, этно-комплекстин жооптуу адамдары тарабынан жалпы суммасы 20 млн 659 миң 300 сом акча каражаты негизсиз сарпталганы аныкталган. Аталган факты боюнча Талас облустук прокуратурасы тарабынан «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

«Манас Ордо» — Манас баатырдын урматына тургузулган мемориалдык комплекс. Ал Таластын чыгыш тарабында, шаардан 12 километр аралыкта жайгашкан.

Автор: Жаркынай Дженалиева.