Экономика министринин орун басары өлкөдө азык-түлүк каатчылыгы жок деп билдирди

Экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Үсөнбекова Кыргызстанда азык-түлүк каатчылыгы жок экенин билдирди. Бул тууралуу ал 28-июнда Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында айтты.

«Запастар жетиштүү, кризис жок», — деди ал.

Депутат Исхак Масалиев эгер мамлекет азык-түлүктүн баасын көзөмөлдөбөсө, алардын наркы жума сайын кымбаттайт деп белгиледи.

«Бир айдын ичинде ундун баасы 400 сомго кымбаттады. Бул эмне кризис эмеспи?» — деп сурады Масалиев.

«Кымбаттаган жок», — деп жооп берди министрдин орун басары.

«Кандайча? Дүйнөдө азык-түлүк кризиси жакындап келе жатат. Биз ага даяр болушубуз керек», — деп депутат каршы болуп, министрдин орун басарын жыйындарга жакшыраак даярданып келүүсүн өтүндү.

Мамлекеттик монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин башчысы Кеңешбай Тайлаков мекеме азык-түлүктүн бааларын көзөмөлгө алып жатканын кошумчалады. Анын айтымында, ундун баасы 20%га кымбаттаган учурда, мекеме бааларды арзандатуу боюнча чараларды көргөн.

Кыргызстандагы баалдардын өсүшү

«Клооптун» журналисттери биринчи керектөөдөгү азык-түлүктүн баалары тууралуу расмий маалыматтарды талдап, алардын баасы чындап эле кыйла өскөн деген жыйынтыкка келишкен.

Алгач буга COVID-19 пандемиясы жана мамлекеттердин чек аралары жабылганы, андан кийин Украинадагы согуш таасир эткен.

Көбүнесе суу майдын жана кумшекердин баасы эки эсе өскөн. Эгер 2019-жылдын апрелинде бир литр суу май өлкө боюнча орточо 94 сом турса, 2022-жылдын апрелинин аягында орто баасы 194 сомго чыккан. Үч жыл мурда кумшекер 47 сомдон сатылчу, ал эми быйыл апрелдин аягында баасы 80 сомдон ашкан.

Баалардын күнүмдүк талдоосу көрсөткөндөй, алардын дагы баасы 2022-жылдын март айынын ортосунда кескин өскөн, бул Орусия Кыргызстанга буудайды экспорттоого чектөө киргизген мезгилге туш келет.

Жалпы айтканда, биздин талдоо баалар дээрлик ай сайын, падемия башталгандан бери өсүп жатканын көрсөтүп турат, ошондуктан элдин «кабатыр болууга негизи» бар. 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча азык-түлүк продукцияларынын жана суусундуктун бааларынын өсүшү дээрлик 18%ды, ал эми 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча — 13%ды түзгөн.

Бирок ал арада калктын кирешеси алда канча жай өсүп жатат. 2020-жылдын декабрында орточо айлык маяна 13,5%га, ал эми 2021-жылдын декабрында 9,7%га өскөн. Демек, кыргызстандыктардын маянасы азык-үлүктү көп алууга жетпей баратат.

Тема боюнча окуңуз: Азык-түлүктүн баасы пандемия башталгандан бери өсүп жатат. ИИМдин башчысына жооп