«Катышуунун кажети деле болбой калды». Мадумаров комитет жыйынынан чыгып кетти

Адахан Мадумаров. 

«Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаров Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин 27-июндагы жыйынынан кагаздарын жыйнап чыгып кетти.

Жыйында Евразия өнүктүрүү банкынын Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунан 160 миллион АКШ доллар кредит алуу келишимин ратификациялоо маселеси каралды.

Мадумаров экономика министрлиги кредит маселеси боюнча депутаттардын суроосуна «жарым жартылай» жооп берип жатканын белгилеп, акчанын кайда жумшалары тууралуу суроо узатты.

Анын суроосуна министрликтин экономика жана финансы боюнча жетекчисинин орун басары Тургун Асанов жооп берип, учурда 84 долбоор бар экенин белгиледи. Алардын 11и ишке ашып жатканын айтты.

Бирок Мадумаров белиглүү бир маселе боюнча суроо узатканын айтып, дагы бир жолу тактап сурады. Бирок, ага жооптуу кызматкер кагаздан маалымат издеп, суроого так жооп бере алган жок.

«Силер жатка билишиңер керек да. Акча берип жаткандан кийин билишиңер керек да. Кай жерде, кимге, эмне үчүн берип жатасыңар?» — деп Мадумаров экономика министрлигинин өкүлүн сынга алды.

Экономика жана коммерция министринин орун басары Руслан Татиков кредиттин 70 пайызы Энергетика министрлигине, калганы Туризм фонду жана «Кыргыз индустрия» мамлекеттик ишканасына берилерин белгиледи.

Так жооп албаганына нааразы болгон Мадумаров ратификациялоо мыйзамын артка кайтарууну сунуштады. Комитет төрагасынын долбоорду экинчи, үчүнчү окууда биротоло добуш берүү сунушун көпчүлүк депутаттар колдоду.

«Биринчи окууда кимге канча кетет, эмне максатта кетет, кандай пайда көрөт, экономика канчалык өсөт деген суроолорду койгонбуз. Өздөрүнүн алып келген нерселери боюнча берген суроолорго өздөрү жооп бере албай жатат. Дагы “колдоп коё берели, эч нерсени өзгөртө албайбыз” деп айтып атат. Анда эмне кылып отурабыз?» — деп депутаттарга суроо узатты Мадумаров.

Эл өкүлү ратификация боюнча үчүнчү окууну кийинкиге жылдырууну сунуштады. Бирок кесиптештери анын сунушун колдогон жок.

«Муун өзгөрүп атат. Бирок баягы былгытма ыкма дале келе жатат. [...] Өзү кээ бир кишилердин жыйынга катышып отуруусунун кажети деле болбой калды. Сунуш берүүнүн да кежети жок, сүйлөөнүн да кажети жок. “Биз көппүз, билгенибиздей кылып кете беребиз” дейсиңер», — деп Мадумаров кагаздарын жыйнап, отурумдан чыгып кетти.

Мадумаров парламент жана комитет жыйынына активдүү катышкан жана мыйзам болдоорлору боюнча тактоочу суроолорду узаткан бирден бир депутат. «Бүтүн Кыргызстан» оппозициялык фракциясынын лидеринин казино тууралуу айтканына президент Садыр Жапаров өзү жооп берген.

Жапаров УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен депутат Адахан Мадумаровдун ортосундагы кайым айтышуусу тууралуу пикирин билдирип, Мадумаровду «популист саясатчы» деп атаган. Ал эми Мадумаров Жапаров менен Ташиев «популист деген сөздү да түшүнбөйт» деп сынга алган.

Тема боюнча:

Мадумаров активдерди легалдаштыруу тууралуу: Ууруларды мыйзамдаштыралы деп жатасыңар