Next TV каналынын директору 3-августка чейин камакта калды

Бишкектин Биринчи май райондук соту 28-июнда Next TV телеканалынын директору Таалай Дүйшөнбиевдин баш коргоо чарасын 3-августка чейин узартты. Маалыматты «Клоопко» соттун басма сөз кызматынан тастыкташты.

Сот Улуттук коопсуздук комитетинин өтүнүчүн канааттандырды. Дүйшөнбиев УКМКнын ТИЗОсунда кармалат.

Буга чейин Таалай Дүйшөмбиевдин жактоочусу Тимур Султанов кардарынын баш коргоо чарасын камакка алууга байланышпаган түрүнө өзгөртүү тууралуу өтүнүч келтирген.

Next TV телеканалынын директору УКМКнын кызматкерлери тарабынан 3-мартта кармалган. Тергөөнүн версиясына ылайык, Next TV соцтүйүндөр аркылуу «Украинанын аймагындагы атайын операцияда Кыргызстан Орусияга аскердик жардам көрсөтө турганы боюнча келишим жетишилди деген жалган маалымат тараткан».

Анда «Казакстандын улуттук коопсуздук комитетинин экс-башчысы А. Мусаев Кыргызстан менен Тажикстан жашыруун түрдө Орусияга аскердик колдоо көрсөтүүгө даяргын билдиришти деп айтты» деген аталыштагы материалы тууралуу сөз болгон, материал телеканалдын социалдык тармактардагы барактарына жарыяланган.

Ал эми Дүйшөнбиевге карата «Аймактар аралык кастыкты козутуу» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Кийин Бишкектин Биринчи май райондук соту аны эки айга камакта калтырган.

Андан соң прокуратура соттон Next TV телеканалынын Казакстандын атайын кызматынын мурдагы жетекчисинин айткандарына таянып жарыялаган материалын экстремисттик деп табууну суранган. Андан тышкары, көзөмөл органынан телеканалдын эфирге чыгуусун токтотуп, материалдарын башка ЖМКларга жарыялоого тыюу салууну суранышкан.

2022-жылдын 24-мартында Бишкек шаардык соту Дүйшөнбиевди камакта калтырган.