Next TV телеканалынын директору Дүйшөнбиев эки айга камалды

Биринчи май райондук сотунда Next TV телеканалынын директору Таалай Дүйшөнбиевдин баш коргоо чарасы каралып, ал эки айга камакка алынды.

«Көзгө урунуп турган эле бузууларга карабастан, тергөөчүлөр Таалай Дүйшөнбиев эркиндикте туруп жашынып ала турганын далилдеп бере албаганына карабастан (...) Далилдердин жоктугуна карабастан ушундай чечим кабыл алынды. Коргоочу тараптан беш күндүн ичинде аппеляциялык даттануу даярдалып, Бишкек шаардык сотуна киргизилет», — деди адвокат Тимур Султанов.Дүйшөнбиев Next TV телеканалы соцтармактардагы барактарына Казакстандын атайын кызматынын мурдагы жетекчиси Альнур Мусаевдин айткан сөздөрү чыгарылганына байланыштуу айыпталууда.

Дүйшөнбиевдин кармалышы

Next TV’нын директору Таалай Дүйшөнбиев 3-март күнү кечинде кармалганы белгилүү болгон. Бул тууралуу журналисттер билдирип, маалыматты УКМК тастыктаган.

Атайын кызматтын версиясына ылайык, Next TV соцтүйүндөр аркылуу «Украинанын аймагындагы атайын операцияда Кыргызстан Орусияга аскердик жардам көрсөтө турганы боюнча келишимге жетишилди деген жалган маалымат тараткан». Бирок журналисттер маалымат булагы катары Казакстандын атайын кызматынын мурдагы жетекчисинин жазгандарына таянышкан. Бул маалыматты Кыргызстандын Коргоо министрлиги төгүндөп, ал жактан Орусия менен Украинанын ортосундагы согушта Кыргызстан орус армиясына аскердик колдоо көрсөткөн жок деп билдиришкен.

Жактоочу Акмат Алагушев телеканалдын директору Таалай Дүйшөнбиев «Аймактар аралык кастыкты козутуу» беренесинин негизинде кармалганын маалымдаган.

«Эфирдин токтотулганын туура эмес деп эсептейм. Маалымат телеканалга таптакыр тиешеси жок башка булактан чыккан. [Офисти] мөөрлөп, эфирди токтотууга эч кандай зарылчылык жок эле», — деп эсептейт Алагушев.

Андан кийин эле УКМКда телеканалдын кызматкерлери Перизат Саитбуркан кызы менен Өмүрбек Сатаев сурак беришкен.

«Суракта менден Next TV’нын ишмердиги, каналдын каржы булагы жана Равшан Жээнбеков (телеканалдын ээси) тууралу сурашты. Ошол эле маалда кылмыш иш боюнча суроо беришкен жок», — деп айтып берген Перизат.

Медиакоомчулук теканалдын кармалган директору Дүйшөнбиевди колдоп, билдирүү жасады.

«Next TV телеканалына болгон чабуулду Кыргызстандагы сөз эркиндигин басуу аракетинин уландысы катары баалайбыз! Temirov Life, Kaktus Media, Next TV медиаларынын журналисттери, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен корголгон журналисттик ишмердүүлүккө тоскоолдук кылып жаткан күч түзүмдөрүнүн болуп көрбөгөндөй кысымына кабылышты», — деп билдирди Медиакоомчулук.

Дүйшөнбиевди акыйкатчы Атыр Абдрахматова да колдоого алды. Ал УКМКны Конституцияда кепилденген ЖМК эркиндигин урматтоого чакырган.

«Азыркы учурда, NextTV телеканалына карата жүргүзүлүп аткан укук коргоо органдын шашылыш иш-аракеттерине акыйкатчы өз тынчсыздануусун билдирет», — деген акыйкатчы.

Ал эми телеканалдын ээси, саясатчы Равшан Жээнбеков кызматкерлерине куугунтук көрсөтүүнүн ордуна өзүн камоону сунуштаган.

«Бийлик журналистти, “Алиби” гезитинин редакторун камаган — менин атамды. Мени эки жолу камашты. Жакындарым менен туугандарыма карата тергөө жана сот болуп жатат. Эми булар Таалайга, Next’тин директоруна киришишти», — деди саясатчы.

Ал кармалган журналистке колдоо көрсөтүүнү жана эркиндик үчүн күрөшүүнү суранган.