Next TV’нын иши: Сот телеканалдын кеңсесине кирүүгө тыюу салган чечимди күчүндө калтырды

22-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту Next TV телеканалынын адвокаттарынын арызын канааттандыруудан баш тартты. Буга чейин алар телеканалдын кеңсесине кирүүгө тыюу салуу боюнча тергөө учурунда кабыл алынган чечимге нааразы экенин айтып сотко даттанышкан.

Каналдын кеңсеси дээрлик үч жумадан бери жабык турат.

Жактоочулардын бири Тимур Султанов телеканалдын кеңсесине мөөр коюп бекитүү боюнча тергөөчүнүн чечимин мыйзамсыз деп эсептейт.

«Тергөөчү Next TV’нын кеңсесин мөөр чаптап бекитүү менен журналисттердин конституциялык укугун бузду. Негизи кызматкерлер өз мүлкүнө ээлик кылып, башкарууга жана колдонууга укуктуу. Бул чечим менен тергөө органдары ЖМКнын ишин токтотту», — деп билдири ал.

Ал эми Next TV телеканалынын башка директору Таалай Дуйшенбиевдин адвокаты Акмат Алагушев «Клоопко» райондук соттун чыгарган чечими боюнча шаардык сотко кайрыла турганын билдирди.

Next TV жана Дүйшенбиевдин кармалышы

Next TV’нын директору Таалай Дүйшөнбиев атайын кызмат тарабынан кармалганы тууралуу 3-март күнү кечинде белгилүү болгон. Бул тууралуу журналисттер билдирип, маалыматты УКМК тастыктаган.

Атайын кызматтын версиясына ылайык, Next TV соцтүйүндөр аркылуу «Украинанын аймагындагы атайын операцияда Кыргызстан Орусияга аскердик жардам көрсөтө турганы боюнча келишимге жетишилди деген жалган маалымат тараткан».

Бирок журналисттер маалымат булагы катары Казакстандын атайын кызматынын мурдагы жетекчисинин жазгандарына таянышкан. Бул маалыматты Кыргызстандын Коргоо министрлиги төгүндөп, ал жактан Орусия менен Украинанын ортосундагы согушта Кыргызстан орус армиясына аскердик колдоо көрсөткөн жок деп билдиришкен.

Жактоочу Акмат Алагушев телеканалдын директору Таалай Дүйшөнбиев «Аймактар аралык кастыкты козутуу» беренесинин негизинде кармалганын маалымдаган. Ал эми 5-мартта Биринчи май райондук соту Дүйшөнбиевди эки айга камакка алган.

Саясатчы жана Next TV телеканалынын ээси Равшан Жээнбеков телеканалдын директору Таалай Дүйшөнбиевди коргоп билдирүү кылган. УКМК телеканалды жабуу үчүн ага бир нече ай бою басым кылганын айтып берген.

Тема боюнча:

Next TV телеканалынын директору Дүйшөнбиев эки айга камалды

«Андан көрө мени камагыла». Равшан Жээнбеков Next TV’га карата басым тууралуу