Түрк элчилиги казинону адалдаштыруу үчүн Түркияны мисал кылбоого чакырды

Түркияныны Кыргызстандагы элчилиги президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеевдин билдирүүсүнө жооп берди.

Буга чейин, «Биринчи радионун» эфиринде Кыргызстанда казинолорду мыйзамдаштыруу тууралуу сөз сүйлөгөн Абыкеев, «мусулман өлкө делген Түркияда», АКШда, Тайванда жана Туштүк Кореяда да кумарканалар иштеп жатканын белгилеген.

«Канчалаган мамлекеттерде, анын ичинде Түркияда, ислам динин карманган бир топ өлкөлөрдө деле казинолор ойнолот. Ошолордун баары кумарпоз болуп кеткен жок», — деген ал.

Элчилик казино ачуунун айланасындагы талкуулар «өлкөнүн ички саясий маселеси» экенин айтып жооп беришти. Алар кумаркананы адалдоо үчүн Түркияны мисал келтирүү «орунсуз» деп эсептешет.

«Түркияда казинолор 1996-жылы, өкмөттүн чечими менен жабылган», — деп баса белгилешти элчиликтен.

Кыргызстандагы казино

Кыргызстанда кумар оюндарынын ишмердүүлүгүнө 2012-жылы бөгөт коюлган. 2015-жылы тотализатор жана букмекерлерге тыюу салынган. Бирок андан бери көмүскө иштеген кумарканалардын бети ачылып турган.

2021-жылы президент Садыр Жапаров Кыргызстанда казино ачууну демилгелеген. Ал эми минкаб төрагасы Акылбек Жапаров демилгени колдогон.

2021-жыл президент казинолорду өлкөнүн бардык аймактарында ачуу идеясын сунуштаган. Ал убакта Жапаров кумар оюндары бюджетке «миллиарддаган» киреше алып келерин белгилеп, минкаб ар бир оюн столу үчүн гана салык албастан, казино ишмердигин жүргүзүү үчүн 1- 1,5 млн долларга лицензия сатаарын кошумчалаган.

Парламенттин 22-июндагы жыйынында депутаттар мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алышкан. Анткен менен жыйында чуу чыгап — бир нече депутат добуш бербей мыйзам долбооруна добуш берүүгө бөгөт коюуга аракет кылышты. Ошентип мыйзам долбоору беш жолку аракеттен кийин гана кабыл алынды.

Дагы окуңуз: Казино ачууга уруксат берилсе Кыргызстанды эмне күтөт?