Казино ачууга уруксат берилсе Кыргызстанды эмне күтөт?

Парламенттин 22-июндагы отурумунда депутаттар Кыргызстанда казинолорду ачууга уруксат берген чуулгандуу мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды. Бирок добуш берүү учурунда эл өкүлдөрүнүн ортосунда чыр чыкты. Алардын айрымдары мыйзам долбоорун колдобойт, ошондуктан добуш берүүгө бөгөт коюуга аракет кылышты.

Бул мыйзам долбоорун президент Садыр Жапаров, минкаб төрагасы Акылбек Жапаров жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев баштаган бийлик өкүлдөрү колдоп жатат.

Мыйзамдын долбоорунда кадимки жана онлайн казинолорду ачуу каралган. Бирок мыйзам долбоорунда кыргызстандыктардын кирүүсүнө катуу тыюу салынган.

«Клооп» парламент депутаты Дастан Бекешев жана экономика министринин орун басары Искендер Асылкулов менен маектешип, алар казинону мыйзамдаштыруунун оң жана терс жактарын айтып беришти.

Дастан Бекешев кандай кемчиликтерди тизмектеди?

  • Онлайн казинолорду мыйзамдаштыруу мамлекетке акча алып келбейт жана кыргызстандыктарды кумар оюндарына азгырат.
  • Казинолорду акча адалдаштыруу үчүн мыйзамдаштырып жатышат.
  • Оюн жайларын мыйзамдаштыруу коррупцияга жол ачат.
  • Жарандарды казиного кирүүсүнө чектөө коё алышпайт.
  • Жеңил баңгизатттарды мыйзамдаштыруу казиного караганда туристтерди көбүрөөк туристтерди тартат.

Ал эми казинун пайдасын Искендер Асылкулов тизмектеди

  • Кыргызстандыктар казиного кире алышпайт, бул эрежени бузган учурда кумаркананын лицензиясы алынат.
  • Казинолор ири имараттарда ачылат жана бай оюнчуларды тартат;
  • Казино — мамлекетке көп каражат алып келе турган таасирдүү бизнес.
  • Кыргызстанда кумар оюндарына негизделген туризм өнүгөт.
  • Онлайн-казино серверлери республиканын аймагында жайгашат жана төлөмдөр банк аркылуу жүргүзүлөт. Ушундай жол менен кыргызстандыктардын кумар оюндарына катышуусу көзөмөлдөнөт.