Бишкектин Биринчи май райондук милициясы Next TV каналынын штаттан тышкаркы кабарчысы, активист Адилет Балтабаевди кармап кетти. Бул тууралуу активист өзү Фейсбук барагында билдиди.
Балтабай милиционерлер үйүнөн кармап кетишкенин айтып, анын себеби тууралуу маалымат берген жок.
Биринчи май РИИБдин басма сөз кызматынын «Клоопко» активисттин кармалышы тууралуу маалыматты кийинчерээк берүүнү убада кылышты.
Ал эми саясатчы, Next TV каналынын ээси Равшан Жээнбеков Балтабаевдин кармалганын «активдүү жарандык позициясы» менен байланыштырды.
Буга чейин Биринчи май РИИБдин кызматкерлери активистти эки ирет кармашкан. Апрелдин башында милиция Балтабаев кылмыш иштин негизинде РИИБге жеткирилгенин айткан. Бирок укук коргоо органдары кайсы кылмыш иши экенин ачыктаган эмес.
Ал эми 30-майда милиция кызматкерлери Балтабаевди көзөмөл-кассалык аппарат орнотууга каршы нааразычылык акциясында түз эфир берип жатканда кармап кетишкен. Биринчи май райондук милициясынан активист массалык башаламандык иши боюнча кармалганын айтышкан.
Активист милицияда беш саат сурак берип чыкканын белгилеп, ага карата «УКМК тараптан куугунтук болуп жатканын» айткан.
Адилет Балтабаев активист катары белгилүү. Ал соцтүйүндө сөз эркиндигине болгон басым, Жер үй алтын кени жөнүндө, Кыргызстандагы ККМге жана кумарканаларага, президенттик резиденциянын курулушуна каршы постторду жарыялаган. Ошондой эле, Балтабаев журналист Болот Темировду колдоп келген.