Активист Адилет Балтабаев: Куугунтуктун шамалы УКМК тараптан болуп жатат

Next TV каналынын штаттан тышкаркы кабарчысы, активист Адилет Балтабаев (Адилет Али Мыктыбек) Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгына беш саат сурак берип чыкканын, ага карата УКМК тараптан куугунтук болуп жатканын 30-майда Фейсбуктагы түз эфир учурунда айтып берди.

Балтабаевдин айтымында, күч органдарынын кызматкерлери аны Биринчи май райондук милиция бөлүмүнө колун толгоп, күч менен жеткиришкен.

«Мени үчүнчү жолу суракка чакырышты. Мыйзамсыздык болуп жатат деп эсептейм. Себеби, мен кылымышкер эмесмин, Райымбек Матраимов же Камчы Көлбаев эмесмин. Дегеним, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү же коррупционер, ууру же террорист эмесмин», — деди ал.

Активист өзүнө козголгон иштер Фейсбук барагына жазган постторго байланыштуу экенин белгиледи. Ал «мындан ары Бишкек баатырдын желдетимин, адилетсиздик үчүн күрөшөм» деп жазган постун, бийлик массалык башаламандыкты уюштуруу катары баалап жатканын белгиледи.

«УКМКнын өкүлү Самиев деген кишинин атын айткандан тажабайм. Себеби ошол киши мага кылмыш ишин козгоп жатат. [...] Мени экстремист деп, коопту инсан катары көрсөткөнгө аракет кылышууда. Бийликтин аброюн түшүрүүдө, чиновниктерге каршы билдирүү жасап жатат деп кылмыш ишин козгоду», — деди ал.

*Биринчи май РИИБдин кызматкерлери активистти буга чейин да кармашкан. Апрелдин башында милиция Балтабаев кылмыш иштин негизинде РИИБге жеткирилгенин айткан. Бирок укук коргоо органдары кайсы кылмыш иши экенин ачыктаган эмес.

Балтабаев анын постуна лингвистикалык текшерүү жүргүзгөн эксперттерди Юстиция министрлигинин алдындагы «дежур эксперттер» деп атап, алар чыгарган жыйынтыкка макул эмес экенин айтты.

«Юстиция министрлигинин алдындагы дежур эсперттер лингвистикалык эспертиза өткөрүп, мени коомго кооптуу киши катары көрсөтүшүүдө. [...] Бийликке ачуум келип жатат. Садыр Жапаров буга чейин активисттерге, журналисттерге, сөз эркиндигине кысым болбойт деген, бирок менин мыйзамдык укугумду чектөөдө», — деди ал.

Адилет Балтабаев активист катары белгилүү. Ал соцтүйүндө сөз эркиндигине болгон басым, Жер үй алтын кени жөнүндө, Кыргызстандагы ККМге жана кумарканаларага, президенттик резиденциянын курулушуна каршы постторду жарыялаган. Ошондой эле, Балтабаев журналист Болот Темировду колдоп келген.

Next TV телеканалынын ээси Равшан Жээнбеков «Клоопко» Адилет Балтабаев акыркы эки айдан бери кабарчы болуп иштеп жатканын айткан. Ал дагы активист Балтабаевдин Фейсбуктагы посттору суракка чакырууга себеп болууда деп эсептейт.

Тема боюнча:

Активист Адилет Балтабай массалык башаламандык иши боюнча кармалганы айтылды