Активист Адилет Балтабай массалык башаламандык иши боюнча кармалганы айтылды

Бишкекте Next TV каналынын штаттан тышкаркы кабарчысы, активист Адилет Балтабаев массалык башаламандык иши боюнча кармалды. Бул тууралуу Биринчи май РИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

«Биринчи май РИИБи “Массалык башаламандык” беренеси боюнча козголгон кылмыш ишин тергеп жатат. Милиция кызматкерлери Адилет Балтабаевди кармап, Биринчи май райондук милициянын тергөө кызматына жеткиришти», — деп билдиришти РИИБден.

Аны менен катар, учурда тергөө иштери жүрүп жатканын кошумчалашты.

Активист 30-майда түз эфирге чыгып жатканда кармалды. Ал ошол маалда көзөмөл-кассалык аппарат орнотууга каршы нааразычылык акция өтүп жаткан Өкмөт үйү тарапка бет алган. Ошол кезде жарандык кийимчен эки киши келип жолуккан, бирөөсү өзүн Биринчи май РИИБнин кызматкери деп тааныштырган. Бирок ысымдарын аташкан эмес.

Биринчи май РИИБдин кызматкерлери активистти буга чейин да кармашкан. Апрелдин башында милициянын басма сөз кызматынан кылмыш иштин негизинде Балтабаев РИИБге алып келинген билдиришкен. Бирок укук коргоо органдары кайсы кылмыш иши экенин ачыктаган эмес.

Next TV телеканалынын ээси Равшан Жээнбеков «Клоопко» Адилет Балтабаев акыркы эки айдан бери кабарчы болуп иштеп жатканын айтты.

«Аны бийликти басып алууга чакырык жасоого айыптап жатышыптыр. Азыркы тапта күбө катары суралып жатат. УКМКнын тапшырмасы менен суракка алып жатышканын айтышты. Түштөн кийин кайра Биринчи май РИИБне суракка барат», — деп айтып берди Равшан Жээнбеков.

Жээнбеков активист Балтабаевдин Фейсбуктагы жеке посттору дагы суракка чакырууга себеп болгонун кошумчалады.

Балтабаев соцтүйүндөгү постунда сөз эркиндигине болгон басым, Жер үй алтын кени жөнүндө, Кыргызстандагы ККМге жана кумарканаларага, президенттик резиденциянын курулушуна каршы чыккан жана журналист Болот Темировду коргоп келген.