Муфтият: Курман айт майрамы 9-июлда белгиленет

Курман айт намазы. Сүрөт: Табылды Кадырбеков.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан Курман айт майрамы 9-июлга белгиленгенин билдиришти. Мындан улам 10-июль дүйшөмбү күнү иш күн эмес деп жарыяланды.

Ал эми борбордук аянтта айт намазы окулабы же жокпу азырынча белгисиз, муфтият кийинчерээк кошумча маалымат берүүнү убадалады.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу эки жыл катары менен Бишкектеги эски аянтта курман айт намазы окулган эмес. Үстүбүздөгү жылдын 2-майында короновируска каршы чектөөлөр алынгандан кийин аянтта орозо айт намазы окулган. Ага 50 миңдей адам келип, президент Садыр Жапаров баштаган аткаминерлер да катышкан.

Курман айт Орозо айт майрамынан 70 күн өткөндөн кийин курмандык чалып белгилөөчү майрам.

Тема боюнча:

Президент элди Курман айт майрамы менен куттуктап, вакцина алууга чакырды