Президент элди Курман айт майрамы менен куттуктап, вакцина алууга чакырды

Президент Садыр Жапаров 20-июлда Кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады. Ал өлкөдө бул майрам ушуну менен экинчи жолу COVID-19га байланыштуу чектөөлөр менен өтүп жаткандыгын белгилеп, элди ден соолукту бекемдөө үчүн вакцина алууга чакырды.

«Бул илдеттен көз жумган жарандарыбызды жараткан өз мээримине алсын. Ооруп жаткандарга Алла Таала шыпаасын берип, алардын тезирээк айыгып кетүүлөрүн тилек кылабыз», — деди ал.

Ошондой эле ал «күчтүү коом ар кандай кыйынчылыктарга жана сыноолорго даяр болушу керектигин» айтып, «биз баарын сабырдуулук, айкөлдүк жана туруктуулук менен жеңип жаңы ийгиликтерге ишенимдүү кадам таштайбыз» деп билдирди.

«Кудай Таала ар бир үйгө береке, ырыскы жана бакыт тартуулап, бизди ар кандай оору-сыркоолордон оолак кылсын! Айтыбыз элибизге, жерибизге жана жалпы мусулман дүйнөсүнө маарек болуп, тынчтык, токчулук жана молчулук ыроолосун! Жараткан Кыргызстаныбызды сактасын, баарыбызды кийинки Курман айтка чейин аман-эсен жеткирсин!» — деп сөзүн жыйынтыктады президент.

Бүгүн Кыргызстанда Курман айт майрамы белгиленип, айт намазы мечиттерде окулду. Былтыр да коронавирус пандемиясынан улам намаз борбордук аянттарда окулган эмес.

Курман айт Орозо айт майрамынан 70 күндөн кийин курмандык чалып белгилөөчү майрам. Буга байланыштуу быйыл Кыргызстанда 20-июль – дем алыш күнү болуп жарыяланды.