Кыздарга жана аялдарга карата зомбулук. Активисттер президенттен ыкчам жолугушуу суранышты

Кыргызстанда аялдардын жана кыздардын укугун коргоо багытында иштеген жарандык активисттер президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошту. Алар президенттен ыкчам жолугушуу өткөрүүнү суранышты.

Кайрылууда борбор калаадагы жана аймактардагы айымарга карата жасалган ондогон зомбулук учурлары саналып, үй-бүлөлүк зомбулук социалдык оору экени айтылат. Активисттер зомубулук жасагандарга карата ыкчам, кечиктирилгис чара көрүү зарыл деп эсептешет.

«Зомбулукка жол берип коюу жашоонун бардык чөйрөсүнө кулачын жайып, биздин коомдун деградациясына алып келет. Мындай кырдаалдын жаралуусу сиздин жеке кийлигишүүӊүздү талап кылат, мындан ашык созууга жана күтүүгө болбойт», — деп эскертишти алар.

Активисттер учурда аялдардын жана кыздардын коопсуздук чөйрөсүндөгү өзгөчө кырдаалды мамлекеттик органдардын аракетсиздиги жана окуяга олутуу баа берилбей жатканы менен тушүндүрүштү.

«Конституцияда мамлекет аялдарды басмырлоодон коргойт, алардын укуктарын, эркиндиктерин, ар намысы менен кадыр-баркын сактоону жана сот адилеттигин камсыз кылат деп белгиленген», — дешти активситтер.

Президентке кайрылуу жолдогондор кыргыз эли өлкө башчысын өлкөдөгү өзгөрүүлөр зомбулуктун тамырын кыркат, соттук реформалар адилеттүүлүктү камсыз кылат деген ишеним менен шайлашканын эскертишти.

«Сиз мамлекет башчысы катары ыйгарым укуктарыӊызды, саясий эркиңизди толук кандуу көрсөтөсүз жана болуп жаткандарга карата мамлекеттин көӊүл кош мамиле кылуусуна жол бербейсиз деп үмүттөнөбүз», — деген тилегин билдиришти алар.

Президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдогон уюмдар жана бирикмелер:

  • Кризистик борборлор ассоциациясы (Бишкек);
  • «Ак-жүрөк» кризистик борбору (Ош);
  • «Аруулан» кризистик борбору (Ош);
  • «Мээрман» кризистик борбору (Каракол);
  • «Маана» кризистик борбору (Талас);
  • «Каниет» кризистик борбору (Джалал-абад);
  • «Аялзат» коомдук бирикмеси (Каракол);
  • «Энсан-Диамонд» кризистик борбору (Ош);
  • «Тендеш» коомдук бирикмеси (Нарын);
  • «Омур Булагы» бирикмес — «Жаӊыл-Мырза» кризистик борбору (Баткен);
  • «Эне-назары» коомдук бирикмеси (Ош облусу);
  • «Демократиялык процесстерди изилдөө борбору» коомдук уюму (Бишкек);
  • «Өнөктөштүк жана өнүгүү» коомдук уюму (Бишкек);
  • «Айкын багыт» коомдук уюму;
  • «Демилгелүү ишкер аялдар» коомдук уюму;
  • «Алга» айылдык аялдардын коомдук бирикмеси;
  • Кыргызстандын медициналык кесиптик бирлиги (Бишкек);
  • «Социалдык технологиялар агенттиги» коомдук уюму (Бишкек);
  • «Инновациялык чечимдер» коомдук бирикмеси (Бишкек);
  • «Аялдарга жардам берүү борбору» коомдук уюму (Бишкек);
  • Гендердик маалымат Борбору (Бишкек);
  • «Вентус» коомдук бирикмеси (Каракол);
  • «Репродуктивдүү ден соолук боюнча альянсы» коомдук бирикмеси (Бишкек);
  • «Аялдар демократиялык түйүнү» коомдук уюму (Бишкек);
  • Темир Джумакадыров атындагы «Про Лекс» коомдук уюму (Бишкек);
  • «Жаӊы ритм» коомдук уюму (Ош);
  • Балдардын укуктарын коргоо лигасы;
  • IDEA Борбордук азия;

Аялдарга карата зомбулук

Кыргызстан дүйнөдөгү аялдардын бакубаттыгы жана коопсуздугу боюнча глобалдык индексте (WPS Index) Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен эң кооптуу өлкө деп саналат. Аталган индексте Кыргызстан аялдардын абалы бааланган 170 өлкөнүн ичинен 97-орунду ээлеген.

Кыргызстанда кыз-келиндер күйөөсүнүн, бирге жашаган адамынын, мурдагы күйөөсүнүн жана тааныш болуп жүргөн эркек кишинин колунан каза тапкан окуялар жыл сайын ондоп катталат. Эл аралык тажрыйбада бул фемицид деп аталат.

*Фемицид— адатта эркектердин кыз-келиндерди жек көргөндүктөн, гендердик басмырлоонун натыйжасында жана же мамлекет гендердик зордук-зомбулукка билип туруп көз жумуп койгондугу үчүн өлтүрүлүшү.

Эгерде сиз шеригиңиздин же бейтааныш адамдын зомбулулугуна кабылсаңыз, жардам алуу үчүн милиция кызматкерлерине жана өлкөнүн аймактарындагы кризистик борборлорго кайрыла аласыз.

Тема боюнча:

«Клооптон» тест: Зордук-зомбулукка кабылып-кабылбаганыңызды, кабылсаңыз кайсы түрүнө экенин текшериңиз