Ош: Вице-мэр аны бир топ адамдар «каралоого аракет кылып жатканын» айтты

Сүрөт: Ош шаарынын социалдык тармак боюнча вице-мэри Венера Рыскулова 

Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова «8-мартта кымырылган акча» боюнча комментарий берди. Ал бул окуяга «тиешеси жоктугун» айтып, «бир топ адамдар акыркы убактарда мени каралоого аракет кылып жатат» деп билдирди.

«Акыркы учурда мындай нерсе улам кайталанууда. Урматтуу достор, мен жана менин абийирим сиздердин, мыйзамдын, элдин жана жараткандын алдында толук кандуу таза», — деди Рыскулова.

Ошондой эле вице-мэр кандайдыр бир иш-чаралардын каржы бөлүгүнө «жооптуу эмес экенин» белгилеп, шаардык прокуратуранын сунушу боюнча кызматтык иликтөө жүрүшүн талап кылды.

«Ар-намысымды жана кадыр-баркымды коргоп, бул жагдайды толук түшүнүү үчүн калыс кызматтык иликтөө жүргүзүлүшүнө үмүттөнөм жана талап кылам, анткени аталган катта жазылгандарга такыр тиешем жок», — деди ал.

Буга чейин Ош шаардык кеңешинин депутаты Хулькар Исамова мэрияда 8-март Аялдардын эл аралык күнү үчүн бөлүнгөн акчадан 203 миң сом кымырылганын жазып чыккан.

Маалыматка караганда, шаардык прокуратура иш-чараны өткөрүүдө жана белектерди сатып алууда аталган суммада зыян келтирилгенин аныктаган. Бул факт боюнча мэриянын ошол кездеги башкы адиси Айгүл Калматованы жана вице-мэр Венера Рыскулованы тартиптик жазага тартуу сунушу берилген.

Исамова майрам күнү айымдарга Өзбекстанда чыгарылган сүлгүлөр белек кылынганын, ал эми эсепке алар Түркияда иштеп чыгарылгандай баа жазылганын билдирген.

«Эгер бир эле майрамдан 200 миң сомдон “жесек”... Кыскасы шок болдум», — деп жазган ал.

Шаардык прокуратурадан «Клоопко» бул маалыматты тастыкташып, келтирилген зыяндын орду толтурулганын белгилешкен. Мекеменин сунушу боюнча атайын комиссия иликтөө жүргүзмөй болгон.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ошто 8-мартка бөлүнгөн акчадан 203 миң сом кымырылганы белгилүү болду