Ошто 8-мартка бөлүнгөн акчадан 203 миң сом кымырылганы белгилүү болду

Ош мэриясынын 8-мартка карата өткөргөн иш-чарасы. Сүрөт: Мэриянын басма сөз кызматы

Ош шаардык мэриясында 8-март Аялдардын эл аралык күнү үчүн бөлүнгөн акчадан 203 миң сом кымырылганы белгилүү болду. Бул тууралуу шаардык кеңештин депутаты Хулькар Исамова билдирди.

Маалыматка караганда, шаардык прокуратура иш-чараны өткөрүүдө жана белектерди сатып алууда аталган суммада зыян келтирилгенин аныктаган. Бул факт боюнча мэриянын ошол кездеги башкы адиси Айгүл Калматованы жана вице-мэр Венера Рыскулованы тартиптик жазага тартуу сунушу берилген.

Исамова майрам күнү айымдарга Өзбекстанда чыгарылган сүлгүлөр белек кылынганын, ал эми эсепке алар Түркияда иштеп чыгарылгандай баа жазылганын билдирди.

«Эгер бир эле майрамдан 200 миң сомдон “жесек”... Кыскасы шок болдум», — деп жазды ал.

Шаардык прокуратурадан «Клоопко» бул маалыматты тастыкташып, келтирилген зыяндын орду толтурулганын белгилешти.

Ал эми Ош мэриясынан аталган факты боюнча кийинчерээк маалымат берүүнү убадалашты.

Ош мэриясынын күмөн жараткан тендерлери

Ош мэриясы кайсы майрам болбосун шаан-шөкөт менен өткөрүп, ага жүз миңдеген акчаларды коротот. Ошол эле учурда мэрия жарыялаган тендерлерде шек жараткан учурлар болбойт койбойт.

Мисалы 2021-жылдын июнунда Ош мэриясы жаштардын инновациялык борборунун ачылыш аземине карата боорсок, самса жана пирог сатып алуу үчүн тендер жарыялаган.

Ага ылайык, иш-чаранын дасторконуна мэрия 312 миң сом коротмокчу болгон. Жыйынтыгында дасторкон даярдоого тендерди эң аз баа, 180 миң сом сунуштаган «Эр-Ас-компани» курулуш компаниясы утуп алган.

Бул сумманын жарымынан көбү — 100 миң сом боорсок сатып алууга жумшалмак болгон.

Анда Ош мэриясында 35 миң сомго гана тендер жарыяланганын, ал эми техникалык катадан нөл жана үтүрлөр кошулуп калган деп жүйөө айтышкан.

Кийинчерээк Башкы прокуратура салтанаттуу иш-чарага дасторкон даярдоо боюнча тендер өткөрүүдө Ош мэриясы тарабынан бир катар мыйзам бузуулар болгонун аныктап, тиешелүү кызматкерлер жоопко тартылганын билдирген.

Ал эми андан мурдараак Нооруз майрамын белгилөө үчүн аянттын жасалгасына тендер жарыяланган. Анда мэрия жасалга үчүн 650 миң сом коротууну пландаган.

Кызыгы, конкурс 23-мартка чейин уланып, келишим түздөн-түз түзүлмөй болгон. Бирок Нооруз майрамы 21-мартта белгиленген. Мыйзам боюнча тендер иш-чара өткөнгө чейин жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталышы керек.

ТЕМА БОЮНЧА:

Дасторконго боорсок коюлган эмес. Ош мэриясынын шек жараткан 312 миң сомдук тендери