«Тайм-аут алдым, бирок артка кайтпайм». Акылбек Жапаров милдеттүү ККМ орнотуу тууралуу

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 5-июлда айрым журналисттер жана блогерлер менен борбор калаадагы «Дасмия» ресторанында бейформал жолукту.

Жолугушууда журналисттер менен блогерлер өздөрүн кызыктырган суроолорду узатууга мүмкүнчүлүк алышты.

Коомдук ишмер Элнура Алканова айрым ишкерлер көзөмөл-кассалык машина (ККМ) орнотуудан бошотулуп, бир бөлүгү бошотулбаганына нааразы экенин билдирди. Анын пикиринде,бул айрым салык төлөөчүлөргө карата адилетсиз мамиле жаратат.

«Менин оюнча сиз акыркы жолу митингчилер менен жолукканда үч кадам артка чегиндиңиз деп эсептейм. Мен жаран катары бул кадамды колдобойм. Митингдин катышуучулары — базардагы сатуучулар менен тигүү тармагынын өндүрүшчүлөрү, алар жакшы табышат, байып жатышат. Алар салык төлөөдөн качып жатышат. Лексус менен жүргөндөр, маршрутка менен келип митинг өткөрүп жатышат», — деп билдирди Алканова.

Жапаров бул маселени убактылуу токтото турганын, бирок артка чегинбей турганын билдирди.

«Мен тайм-аут алдым. Бирок артка чегинбейм. Бейшемби күнү [7-июлда] Өкмөт үйүнүн алдына чогулгандар менен жыйынтыктоочу жолугушуу болот. Алардын да өздөрүнүн жүйөлөрү бар. Биз милдеттүү түрдө ККМ орнотуу маселесин убактылуу токтоттук. Ар кимдин өз эрки менен болот, биз тыюу салбайбыз. Ошондой эле, айып салууда дагы тайм-аут алдык. Айып чынында эле чоң болчу. Жылдын аягына чейин мындай ири көлөмдө эмес, сооданын көлөмүнө жараша айып пул салып туралы деп ойлоп жатабыз. Дагы түзөтүүлөр киргизилет, бирок баары логикалык жыйынтыкка жете тургандай кылып аягына чыгарабыз», — деди минкабдын төрагасы.

Жапаров акциздик товарлардын тобу толугу менен салык төлөйт, «эч ким эркелей албайт» деп айтты.

«Ким тамеки, алкогол же алтын сатса… Алтындан жасалган зер буюмдарды саткан соодагерлер да митингге чыгууну каалашканда аларга чыгып жолуга албай калдым. Эгер алкогол саткан магнаттар эсине келбесе, арак-шарап продукциясына монополия киргизебиз. Мен мындайдан коркпойм», — деди өкмөт башчы.

ККМ, митингдер жана минкабдын ымаласы

Кыргызстанда 2021-жылдын декабрь айынан ишкерлер ККМ орнотууга каршы байма-бай митингдерди өткөрүп келет.

Баары президент Садыр Жапаров 2021-жылдын декабрь айындагы жарлыгынан кийин башталган. Жарлыкта бир жылдык товар жүгүртүүсү 8 млн сомдон ашпаган ишкерлер салыктан бошотулуп, бирок ККМ аппараттарын колдонууга милдеттендирилген.

2021-жылдын 22-23-декабрында бийликтин ККМди милдеттүү түрдө киргизүү демилгесине каршы нааразычылык акциясына «Таатан» базарынын соодагерлери чыгышкан. Алар «ашыкча кагаз толтуруу жана бухгалтериялык иштерге» убакыт кетирүүнү каалабай турганын айтышкан. Соодагерлер ошондой эле, онлайн-ККМдерде техникалык мүчүлүштүктөр болуп жатканын кошумчалашкан.

Токмоктогу сатуучулар базарларда күн алыс жарык өчөөрүн, эгер бир эле кардар чек албай калса айып салынаарын белгилешкен.

Январда өлкөнүн биринчи адамы базарларда түшүндүрүү иштерин жүргүзө баштаган. 2022-жылдын 12-январында минкаб төрагасы Акылбек Жапаров «Дордой» базарынын сатуучулары менен жолуккан.

Дордой жана Ош базарына президент Садыр Жапаров да барган. Анда ал сатуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жетишсиз экенин белгилеген.

Нааразычылык акциялары июнь айында кайрадан жанданган. Анда Ош шаарындагы ишкерлер калаа мэриясынын алдына митингге чыгышкан. Алар ККМ колдонуу талабы жоюулуп, патент менен иш алып барууну улантууну каалашарын айтышкан.

Кезектеги митинг 13-июнда Бишкекте, Өкмөт үйүнүн алдында өткөн. Анда нааразычылык акциясына 200дөй ишкер катышкан.

Кийинчерээк Акылбек Жапаров ишкерлер менен жолугушууга чыгып, ККМ орнотууга мораторий киргизүүнү жана өлкөнүн ар кайсыл аймагынан келген 10 ишкерден турган жумушчу топ түзүүнү тапшырганын билдирген.

Аталган комиссиянын биринчи отуруму 26-июнда өткөн. Анда үй-бүлө мүчөлөрү менен биргеликте жылдык кирешеси 8 млн сомго жетпеген чакан жана орто бизнестин ээлерин салыктан бошотуу чечими кабыл алынган.