Ош шаарында ишкерлер ККМ колдонууга каршы нааразычылык акцияга чыгышты

Сүрөт: Бекболсун Кайыпов/Kloop

Ош шаарындагы 30дай жеке ишкер 6-июнда көзөмөл-кассалык машинаны орнотууга каршылыгын билдирип мэриянын алдына нааразычылык акциясына чыгышты. Алар ККМ колдонуу талабы жоюулуп, патент менен иш алып барууну улантууну каалашат.

Соодагерлер эмнеге нааразы?

Тынчтык акциясына чогулгандар ККМ аппаратын орнотуп, 4%дык салык төлөө аларга оор болоорун айтышты.

«Бизге көзөмөл-кассалык машина тууралуу эч ким түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн жок. Биз мисалы товарларыбызды насыяга берип турабыз. Аларга дагы төлөйбүз. Мындан сырткары бирдиктүү салыкка 4 пайыздан төлөш бизге оор болуп жатат. Төлөй албай калып жатабыз», — деп нааразы болду соодагер айым.

Митингге чыккандар экономикалык кризис шартында ККМ орнотууга Кыргызстан азыркы учурда даяр эмес деп эсептешет. Алардын пикиринде соодагерлер кыйналып турган чакта мамлекет аларды патентке өткөрүп колдош керек.

«ККМ бул келечекте болчу нерсе, бирок азыр буга биздин өлкө даяр эмес экенин көрсөтуп койду. Эми бизге патенттерди эле көбөйтүп койсо болот эле. биз таптакыр чыдай албай калдык. Башка иш карап эле өтүп кетиш керек болуп калды. Төрт пайызды биз кантип төлөп беребиз? Бул мүмкүн эмес. Орусияга баралы десек, ал жактан кайра келип жатышат. Анан бийлик бюджетти толтуруш үчүн соодагерлердин мойнуна миниш керекпи», — дейт дагы бир соодагер.

Мындан сырткары соодагерлер ККМ системасы башаламан болуп жатканын билдиришип, Салык кызматы түшүндүрүү иштерин жакшы алып барбай жатат деп билдиришти.

«Бизде азыр Электрондук эсеп-фактура деген дагы чыккан. Бул бюрократия экен. Фирмаларга товар жеткирип бериш кыйын болуп жатат. QR код чыккан, аны бардык товарларга жабыштырыш керек. Электрондук эсеп-фактураны көп магазиндер билишпейт. Салык кызматы бизге түшүндүрүп бериш керек да. Алар өздөрү жакшы түшүнүшпөйт», — дейт соодагер.

Андан соң мэрияда шаар бийлик өкүлдөрүнүн, шаардык салык кызматынын жетекчилигинин катышуусунда жыйын өттү. Ишкерлер мыйзамды сакташ үчүн аны түшүнбөй жатканын белгилешти.

Ош шаардык салык кызматы эмне дейт?

Ош шаардык салык кызматынын башчысы Жолборс Бакиров накталай акча менен иштеген жерде сөзсүз түрдө көзөмөл-кассалык машинасы болушу керектигин айтты. Ал эми патентти аянты 50 чарчы метрге чейин болгон гана дүкөндөр иштете ала турганын айтат.

«Эгер соода түйүнү 50 чарчы метрден ашып кетсе, ал салык төлөөнүн башка кызматына өтүш керек. Жылдык соодасы 8 млнго чейинкилер гана патент менен иштейт. Бул жерде келгендер дүң соода жүргүзгөн. Патентте иштейби, бирдиктүү салык кызматы менен иштейби, жалпы салык менен иштейби баары бир ККМ аппаратын колдонуш керек. Бул мыйзам. Биз мыйзамды түшүндүргөнгө аракет кылдык», — дейт Бакиров

Ошондой эле мекеменин башчысы соода накталай эсептешүү менен болсо 4% салык алынарын, эгерде акча которуу менен эсептешүү болсо 2% салык алынарын белгиледи.

«ККМ милдетинен эч ким бошотулган эмес. ККМ бул соода жүгүртүүнү эсептөөчү курал. Бир жылдык соода жүгүртүүсү 30 млндон ашып, бирок патент менен жүргөндөрдү аныктап, кошумча нарк салыгын алууга көмөктөшөт», — деди ал.

Ош шаардык салык кызматынын жетекчиси ККМ аппараты калаадагы дүкөндөрдө 20 миң сомго сатылып жатканын кошумчалады.

Жаңы салык кодекси жана көзөмөл-кассалык машина

Президент Садыр Жапаров 2021-жылы декабрда «Чакан ишкердик субъекттерин колдоо, жагымдуу салык жана бажы климатын түзүү жөнүндө» жарлыкка кол койгон.

Жарлык жылдык жүгүртүмү 8 млн сомго чейин болгон ишкерлик субъекттерди салыктан бошоткон. Бирок, жарлыкка ылайык, алар онлайн ККМ колдонууга милдетүү.

Салык кызматынан ККМ — бул салык процедураларын санариптештирүү боюнча долбоорлордун бири экенин билдиришкен.

Жаңы Салык кодекси 2022-жылдын 1-январынан тарта иштей баштаган. Бийлик бул бизнести көмүскөдөн алып чыгуу жана көмүскө экономиканын деңгээлин төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет деп эсептейт.

Бирок бул демилгеге ишкерлердин баары эле кубанып кеткен жок — айрым соодагерлер азыркыга чейин нааразычылык акцияларына чыгып, милдеттүү түрдө көзөмөл-кассалык машина (ККМ) орнотууга каршы чыгышууда.

ККМ тууралуу кененирээк бул шилтемелер аркылуу окуп алсаңыз болот:

Кыргыз ишкерлери ККМ тууралуу эмнени билүүгө тийиш?

«ККМ орнотууга каршыбыз». «Дордой» базарынын соодагерлери кайрадан митингге чыгышты

«Көпчүлүгүндө ККМ жок экен». Арзыбек Кожошев соода борборлорунда рейд өткөрдү