Көзөмөл-кассалык машина орнотуу. Президент «Ош» жана «Дордой» базарын кыдырды

Садыр Жапаров «Ош» базарындагы соодагерлер менен. Сүрөт: Президнеттин басма сөз кызматы.

Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев менен бирге «Ош» жана «Дордой» базарына барып, соодагерлер менен жолукту.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев президент соодагерлерге көзөмөл-кассалык мишина орнотуунун максатын түшүндүргөнү барганын билдирди.

«Мамлекет башчысы ишкерлер менен көзмө-көз сүйлөшүп, ККМди ишке киргизүү маселелерин талкуулап, түшүндүрүү иштерин жүргүздү», — деди ал.

Ал эми президент Жапаров «Ош» базарында соодагерлерге жолугуп, өкмөт көзөмөл-кассалык машина тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзө албай калгандыктан, иш токтоп турганын белгиледи.

«Мен ККМ боюнча ой-пикириңиздерди билейин деп кыдырып жүрөм. Биздин өкмөт түшүндүрүү иштерин жүргүзө албай калып, иш кичине токтоп турат. Сегиз миллионго чейин чек бар. Силер азыр патент алып соода кыласыңар э? Эгер айланып жаткан акча сегиз миллионго жетпесе, эч нерсе албайбыз, соода кылгыла деп атабыз. Силердин жашоо-тиричилигиңерди көтөрөлү деп атабыз. [...] Эгер сегиз миллиондон ашса кирешенин бир бөлүгүн берип коёт», — деди президент.

Соодагерлер кайсы маселени көтөрдү?

«Ош» базарда соода кылгандардын көпчүлүгү туруктуу орду жок экенин айтып, базарды «байлар менчиктештирип алганын» айтып даттанышты.

«Баарын бай-манаптар ээлеп алыптыр. Ошону тең салмактуулук менен, бизге окшогон карапайым элге дагы бөлүштүрсөңөр болот эле. Менин ордум жок. 25 жылдан бери көчөдө соода кылып келе жатам. “Береке” базарынын ижара акысы 700-800 доллардан болуп жатат. Ал деген менчик да, ага акчабыз жетпей жатат. [...] Бекер берген жок эч ким, азыр президенттин көзүнчө айтып атасыңар. Көзөмөдөөчү кассалык машинага макулбуз, ал болушу керек», — деди президентке кайрылган соодагер айым.

Ал эми дагы бир соодагер базардагы санитардык күндүн мөөнөтүн кыскартуу талабын айтып чыкты.

«Санитардык күндү 11ге чейин эле кылса жакшы болмок. Башка жактагылар иштеп атат. Базардын сыртында соода кылгандар иштейт. Биздин дагы бузулуп кетчү азыктарыбыз бар. Эгер санитардык күн кылсаңар баарын бирдей жапкыла», — деди соодагер.

Президентке жайма базар маселеси менен дагы кайрылышты. Базардын жумушчуларынын айтымында, ичкериде соода кылгандар салык төлөйт, ал эми жайма базардын сатуучулары салык төкпөйт. Мындан улам алардын акысын «милиция же аким жеп жатабы» деген суроо коюлду.

Президентти коштоп келген аким Руслан Тагаев «Ош» базарындагы милиция кызматкерлери алмашканын айтып, санитардык тазалоону алтынчы күнү 12:00гө чейин бүтүрүүнү убада кылды. Аны менен катар, аким акыркы алты ай ичинде жайма базар менен «катуу күрөшүп жатканын» айтты.

Базарда президентке кайрылып, көйгөйүн айтуу үчүн бир топ адам чогулду. Элдин көптүгүнөн Садыр Жапаровго арыз-муңун айта албай калгандар дагы болду.

Жаңы салык кодекси жана көзөмөл-кассалык машина

Көзөмөл-кассалык машина.

Президент Садыр Жапаров 6-декабрда «Чакан ишкердик субъекттерин колдоо, жагымдуу салык жана бажы климатын түзүү жөнүндө» жарлыкка кол койгон.

Жарлык жылдык жүгүртүмү 8 млн сомго чейин болгон ишкерлик субъекттерди салыктан бошоткон. Бирок, жарлыкка ылайык, алар онлайн ККМдерди колдонууга милдетүү.

Салык кызматынан белгилешкендей, ККМ* — бул салык процедураларын санариптештирүү боюнча долбоорлордун бири.

*Көзөмөл-кассалык машиналар (ККМ) – банктык төлөм карточкалары жана чектери, электрондук жана накталай акча каражаттары аркылуу кызмат көрсөтүү жана иштерди аткаруу же соода операцияларында жүргүзүлгөн акчалай эсептешүүлөрдү пайдаланууга багытталган фискалдык эстутуму бар техникалык (аппараттык-программалык) каражаттар.

Ведомстводон учурда ККМдин эки — аппараттык жана программалык түрлөрү колдондонулуп жатканын эске салышты. ККМди жүктөп алуу акысыз — система смартфонго, планшетке жана компьютерге орнотулат. Ал эми сатуучуга дүмүрчөк берүү үчүн дүмүрчөк чыгарган принтерди сатып алганы гана жетиштүү.

Жаңы Салык кодекси 2022-жылдын 1-январынан тарта иштей баштаган. Бийлик бул бизнести көмүскөдөн алып чыгуу жана көмүскө экономиканын деңгээлин төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет деп эсептейт.

Соодагерлер уюштурган митинг

2021-жылдын декабрында «Таатан» базарынын соодагерлери, Токмоктун жеке ишкерлери, Кемин районунун ишкерлери жана «Дордой», «Дордой-Моторс» базарынын соодагери көзөмөлдөөчү кассалык машина (ККМ) киргизүүгө каршы экенин айтып нааразычылык акцияга чыгышкан.

Митингге чыккандар менен Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев жана экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев жолуккан.

Чиновниктер нааразылык акциясына чыккан ишкерлердин талаптарын угуп, өлкөнүн фискалдык саясатында жаңы кадамдарды киргизүүнүн маанилүүлүгү тууралуу айтышкан.

Экономика министри Данияр Амангелдиев коррупцияны жоюу жана ачык-айкындуулук элдин өзүнүн талабы экенин белгилеген.

«Көзөмөл-кассалык машиналарды киргизүү коррупция менен күрөшүүгө багытталган. Аппарат орнотулгандан кийин Салык кызматынын кызматкери базарга барбай, соодагерлер менен баарлашып, акча сурабайт. Баарын бир борбор башкара алат», — деген ал.

Тема боюнча:

«Дордой-Моторс» базарынын соодагерлери ККМге каршы митингге чыкты

Бишкек: «Таатандын» соодагерлери милдеттүү кассалык аппараттарга каршы митингге чыкты

Салык кызматы ККМдин киргизилишине каршы чыккан соодагерлерге жооп берди