Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстан менен бирдиктүү аймактык абадан коргонуу системасын түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү тапшырды. Путин бул буйрукка 8-июлда кол койду.
«Орусиянын Коргоо министрлигине Орусиянын ТИМнин катышуусунда кыргыз тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана макулдашууга жетишилгенден кийин Орусия Федерациясынын атынан аталган келишимге кол коюу тапшырылсын. Анын долбооруна Орусия Федерациясынын өкмөтү жактырган жана принципиалдуу мүнөзгө ээ эмес өзгөртүүлөрдү киргизүүгө уруксат берилсин», — деп айтылат документте.
Үстүбүздөгү жылдын апрель айында Орусия менен Кыргызстандын бирдиктүү абадан коргонуу системасын түзүү долбоору мамлекеттердин ички макулдашуусунда экени айтылган. Бул документ 18-апрелде Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында талкууланмак. Парламенттин сайтынан бул документ кайсыл бир окууда кабыл алынганбы-жокпу маалымат табууга мүмкүн болгон жок. Парламенттин басма сөз кызматы комментарий алуу аракетинен майнап чыккан жок.
Тажикстандагы абадан коргонуу
Өткөн жылы Тажикстандын парламентинде дагы Орусия менен бирдиктүү аймактык абадан коргонуу системасын түзүү боюнча ушундай эле макулдашуу колдоо тапкан.
Өлкөнүн коргоо министри Шерали Мирзо парламентте сөз сүйлөп жатып, «террористтик жана экстремисттик топтор тарабынан учкучсуз учуучу аппараттарды кеңири пайдалануу сыяктуу аймактагы күчөп жаткан жаңы коркунучтарды жана аскердик аракеттерди эске алганда» келишимди ишке ашыруу Тажикстандын аба мейкиндигинин коопсуздугун коргоо боюнча кызыкчылыгына жооп берерин белгилеген.
«Орус-тажик биргелешкен абадан коргонуу системасын түзүү маселеси буга чейин бир катар суроолорду жараткан. Ошол кезде эксперттердин бир бөлүгү мындай системанын керектигин айтышса, башка серепчилер аба мейкиндигин Москванын көзөмөлүнө берип жатат деп Дүйшөмбүнү сындашкан», — деп жазган «Озоди радиосу».
Орусия бирдиктүү абадан коргонуу системасын түзүү боюнча Казакстан жана Армения менен дагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы кабарланган.
Украинага кол салуу
Учурда Орусия Украина менен согушуп жатат. Үстүбүздөгү жылдын 24-февралында орус аскерлери коңшу өлкөгө ири алкактагы чабуулду башташкан. Орус бийлиги бул аракетин согуш деп атаган жок, Украинаны «демилитаризация» жана «денацификациялоо» максатында «атайын операция» деп атап жатат.
Украинага кол салуудан кийин Орусияга карата бир катар ири санкциялар салынган.
Ошол эле кезде кыргыз бийлиги Украинадагы согуш маселесинде орток позицияны карманарын бир канча жолу билдирген. Бирок акыркы убактарда кыргыз жана орус бийлиги жакындашууга аракет кылып жатышканы байкалууда.
Тема боюнча окуңуз: Империалисттик Кыргызстан. Эмне үчүн өлкөдө Орусияны колдоп жатышат