Сүлүктүдөгү газ чыккан көмүр шахталарында тазалоо иштери жүргүзүлдү

Баткен облусунун Сүлүктү шаарында газ чыккан 2 көмүр шахтасында тазалоо иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, 10-июнь күнү Айтматов жана Ак-Тилек шахталарында газ чыгып, жумушчулардын өмүрүнө коркунуч жаралганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Куткаруучулар Айтматов шахтасынын 340-метр аралыган тосмо орнотуп, газды тазалап берген. Ушундай эле тазалоо иштери Ак-Тилек шахтасында да аткарылган. Газдан жабыркагандар болгон эмес.

Өткөн жылдын июнь айында, Сүлүктүдө шахта урап 20 жаштагы киши каза тапкан. Дагы бирөө жабыркап ооруканага түшкөн — анын абалы орто деп бааланган.

Ал эми мурдараак ушул эле шаардагы шахталардын биринде иске ууланып бир киши ооруканага түшкөн. Ал эми өткөн жылы ураган шахтада 37 жаштагы киши каза болгон.