Сүлүктүдө шахта урап түшүп бир киши каза таап, дагы бирөө жаракат алды

Иллюстративдик сүрөт

Баткен облусунун Сүлүктү шаарында шахта урап түшүп 20 жаштагы бала каза болду. Ал эми 36 жаштагы киши жабыркап, абалы орто деп бааланууда.

ӨКМден билдиришкендей, жерине 11 куткаруучу, ИИМден беш кызматкер жана жеригиликтүү тургундардан 20 киши тартылган. Издөө иштеринин натыйжасында бир сөөк табылып, бир киши куткарылган.

Үстүбүздөгү жылдын март айында аталган шаардагы шахталардын биринде иске ууланып бир киши ооруканага түшкөн. Ал эми мурдараак ураган шахтадан 37 жаштагы киши каза болгон.

Бир жыл мурда болсо Сүлүктүдөгү шахталардын биринде үч эркек жана бир аял киши газга ууланып каза болгон — алар шахтага мал издөө үчүн киришкен.