Сүлүктүдөгү шахтада 37 жаштагы кишинин сөөгү табылды

Иллюстративдик сүрөт

Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы көмүр шахтасында 37 жаштагы жумушчунун сөөгү табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Буга чейин Сүлүктүдө «Ашымбай» ЖЧКсына таандык көмүр шахтасы урап, бир киши чыга албай калган. Кырсык болгон учурда шахтада беш жумушчу болгон — алардын төртөө чыгып кетүүгө үлгүргөн.

Шахтерду издөөгө шахтанын 20 жумушчусу, 16 куткаруучу, тез жардамдын бир бригадасы жана милиция тартылган болчу.

Үстүбүздөгү жылдын июнь айында Сүлүктүдөгү шахталардын биринде төрт адам — үч эркек жана бир аял киши — газга ууланып каза болгон. Маалыматка ылайык, алар шахтага мал издөө үчүн киришкен.