Ош: «Ихсан» кооперативине нааразы болгондор кайрадан митингге чыгышты

Архив. Сүрөт: Бекболсун Кайыпов/Kloop

Ошто 11-июлда «Ихсан» кооперативине нааразы болгон тургундар кайрадан митинг өткөрүштү. Ага 30дай киши катышты.

Чогулгандар кооперативге салган акчаларын кайтара албай жатканын айтып даттанышты.

«Урматтуу Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев. Карапайым калкка көңүл буруңуздар. Ушулардын акчасын алып бериңиздер. Жок дегенде майыптыгы барлардын акчасын алып бериңиздер. Ыйлагандар, сыздагандар көп» — деди митингге чыккандардын бири.

Акциянын катышуучуларынын бири баласы ооруп жатканын айтып, аны дарылатуу үчүн акчасын кайтарып берүүнү талап кылды.

Митингдин катышуучулары «Ташиев көңүл бур», «Акинай элдин акчасын кайтар», «Ихсанга ишенбе», «Ихсан акчаны бер» деп жазылган плакаттарды көтөрүп турушту.

Акциянын катышуучулары менен Ош ШИИБдин башчысынын орун басары Улан Жукенов жолукту. Ал «Ихсан» кооперативине нааразы болгон тургундарды милицияга арыз жазууга чакырды.

Мындай акция Ош шаарында 6-июнда да өткөн. Анда 20дай митингчи бийликтен аталган кооперативди көзөмөлгө алууну талап кылышкан.

«Ихсандын» айланасындагы ызы-чуу

«Ихсан» кооперативинин негиздөөчүсү Акинай Бекмурзаева буга чейин «кооптоно турчу маселе жок экенин» белгилеп, «бардык кеңселерде кардарларга түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын» билдирген болчу.

Ошондой эле Бекмурзаева кооперативдин ишмердүүлүгү уланып, кардарларга үй «кезек менен берилип жатканын» кошумчалап, кезекти көзөмөлдөгөн атайын комиссия түзүлгөнүн белгилеген.

«Учурда эки тараптуу комиссия түзүлгөн. Кезекти, үй алып жаткан кишилердин тизмесин көзөмөлдөп жатышат. Экинчи комиссия мүчөлөрү “каражатыбызды кайтарып алабыз” дегендердин тизмесин түзүп алып, көзөмөлдөп, байкап, кайтарылган сумманын чектерин кезек менен берилүүсүн көзөмөлдөп жатышат», — деген ал.

Анткен менен 11-июлда ИИМ Бекмурзаеваны кармады. Ал учурда Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Министрлик Алдамчылык» жана «Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу» беренелери менен кылмыш ишин козгоп, тергөө уланып жатат.

Тема боюнча:

«Ихсан» кооперативинин жетекчиси Акинай Бекмурзаева кармалды

«Ихсандын» жетекчиси кооперативдин айланасындагы чуулар боюнча үн катты

ИИМ «Ихсан» турак жай кооперативине кылмыш ишин козгоду